Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунун кийин алты документке кол коюлду

07.02.2022, 12:25 Акчабар
Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунун кийин алты документке кол коюлду

Президент Садыр Жапаровдун Кытайдын Пекин шаарына 3-6-февраль күндөрү болгон жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Жапаров менен Си Цзиньпин Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Кыргызстандан Кытайга сояны экспорттоо боюнча протокол;

- 2021-2024-жылдарга Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен КЭР Маданият жана туризм министрлигинин ортосундагы маданият тармагындагы кызматташуу программасы;

- Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен КЭРдин ЖМК жана басма сөздү башкаруу мамлекеттик башкармалык ортосундагы классикалык улуттук көркөм чыгармаларды жана адабиятты өз ара которуу жана басып чыгаруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протокол;

- Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети менен КЭР Улуттук статистикалык бюросунун ортосундагы статистика чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен КЭР Коммерция министрлигинин ортосундагы жашыл чөйрөнү өнүктүрүү инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Циндао шаары менен Бишкек шаарынын ортосунда Дэн Сяопин баштап Алыкулов көчөсү, Кустанайский көчөсүнө чейин батыш зонасын жакшыртуу долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү жөнүндө меморандум.

Тэги: Кытайдын Пекин шаары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу