Кыргызстан Дүйнөлүк банк менен стратегиялык долбоорлорду талкуулады

18.04.2024, 09:45 Акчабар
Кыргызстан Дүйнөлүк банк менен стратегиялык долбоорлорду талкуулады

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык Валюта Фондунун жана Дүйнөлүк Банк тобунун жазгы жолугушууларынын алкагында Вашингтонго (АКШ) болгон жумушчу сапарынын алкагында Дүйнөлүк банк тобунун жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк Камбар-Ата ГЭС-1ди жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча талкуулашты. 

Мындан тышкары, Дүйнөлүк банктын санариптик өнүктүрүү боюнча вице-президенти Кристин Чжэнвэй Цян менен жолугушуу болуп, анда делегация мүчөлөрүнө Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш долбоорун жана башка энергетикалык долбоорлорду санариптик колдоо боюнча презентациялар көрсөтүлдү.

Энергетика тармагында санариптик технологияларды колдонуу, ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоорунун алкагында кызматташуунун деталдары Дүйнөлүк банктын инфраструктура боюнча аймактык директору Чарльз Кормье менен талкууланды.

Дүйнөлүк банктын туруктуу өнүктүрүү боюнча вице-президенти Юрген Фогеле менен жолугушууда республиканын туруктуу жана адилеттүү экономикалык өсүшүнө көмөк көрсөтүү маселелери сүйлөшүлдү. 

Тэги: новости Кыргызстана Акылбек Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу