Оштун губернатору Экономика жана каржы министринин орун басары болуп дайындалды

22.07.2021, 15:49 Акчабар
Оштун губернатору Экономика жана каржы министринин орун басары болуп дайындалды

Жарасул Абдураимов экономика жана каржы министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Жарасул Абдураимовду жаңы кызмат ордуна дайындоо чечими анын өнөр жай тармагындагы бай тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алынгандыгы, буга чейин ал бир катар өндүрүш объекттерин башкаргандыгы белгиленди.

Абдураимов буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жаткан. 

Ал арада президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Зиядин Жамалдинов дайындалды. Ал 2015-жылдан 2020-жылга чейин "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2020-жылдын август айында болсо депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшырган.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу