«Жаратылышты өнүктүрүү» фонду 810 млн сомго мыйзам бузган

18.10.2023, 17:25 Акчабар
«Жаратылышты өнүктүрүү» фонду 810 млн сомго мыйзам бузган

2019-2022-жылдарга карата “Жаратылышты өнүктүрүү” фонду 810 млн 256,8 миң сомдук каржылык мыйзам бузган. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди. 

Маалыматка ылайык, фонддун өзүнө каржы чыгымдоодо 51 млн 835 миң сом мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. 

“Мындан тышкары, Кыргызстандын айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сактоо боюнча долбоорлорду/программаларды баалоо жана тандоо боюнча эксперттик комиссия мамлекеттик, коммерциялык жана жеке ишкерлердин долбоорлорун каржылоону негизсиз жактырган”, - деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жөнөтүлөт. 

 

Тэги: эсеп палатасы каржылык мыйзам бузуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу