Салык кызматы 1-майга чейин салык декларациясын тапшыруу керектигин эскертти. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер бирдиктүү салык декларациясын тапшырышы керек.
- менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;
- юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
- мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;
- мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
- эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жактар тапшырышы керек.
Тэги: жеке адамдар Бирдиктүү салык декларациясы