Баткенде 0,08 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түзүлгөн келишимдин негизинде жеке менчикке берилип кеткен. Облустук прокуратура Жер кодексинин талаптарын бузуу фактысын аныктаганын Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, сотко келтирген доо арыздын негизинде 1 млн 880 миң сомдук жер тилкеси Баткен шаардык мэриясынын менчигине кайтарылды.