Жер жана суу боюнча мыйзам бузуулардан 19 млн сом өндүрүлдү

10.01.2024, 14:45 Акчабар
Жер жана суу боюнча мыйзам бузуулардан 19 млн сом өндүрүлдү

2023-жылы жер жана суу боюнча мыйзам бузуулардан 19 млн сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жылы Жер жана суу көзөмөлдөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жалпы саны 1 миң 213тү түзгөн.

Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдары менен биргеликте текшерүүлөрдүн саны 454 болсо, мыйзам бузуулар 1 миң 771ге жетип, берилген жазма буйруктардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында, контролдук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө 1 миң 165 бузуулар жоюлду.

“Отчеттук мезгилде коюлган доонун суммасы 45 млн 281 миң 826 сомду түзүп, анын ичинен 19 млн 270 миң 534 сому мамлекеттин эсебине өндүрүлгөн”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Тэги: Айып пул жер жана суу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу