Быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында Евразия экономикалык биримдигинде жалпы аянты 77 миллион чарчы метрден ашык турак жай пайдаланууга берилди, бул 2020-жылдын тогуз айына салыштырмалуу 15,6 миллион чарчы метрге же 25,5%га көп.
Турак жай курулушунун өсүшү ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде байкалды, эң чоңу – Кыргызстанда (32,5%га).
Жалпысынан каралып жаткан мезгилде ЕАЭБде аткарылган курулуш иштеринин көлөмү 109,6 млрд долларды түзүп, 2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 5,6%га өстү.
Тогуз айда ЕАЭБде социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн оң динамикасы айыл чарба өндүрүшүн кошпогондо, бардык тармактарда байкалды.