Тогуз-Торо районунун тургундары Макмал комбинаты менен кызматташууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранышууда. Бул тууралуу депутат Аида Исатбек кызы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, райондун тургундары буга чейин завод менен келишимдин негизинде иштешкен. Көптөгөн адамдар HOWO самосвалдарын лизингге алып, кенден руда ташып келишкен. Ал эми “Макмал Голд Компани” мамлекетке өткөндөн кийин жүк ташуу боюнча тендер жарыяланган.
“Тендердин техникалык тапшырмасына ылайык, бул адамдардын көбү тендерге катыша албай калышы мүмкүн. Ал эми унааларын кредитке сатып алышкан. Министрлер кабинетинен алардын бардыгы өз ишин улантууга шарт түзүп берүүсүн суранам”, - деди депутат.