5-февралдагы Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттар вице-премьер-министрдин кызматына (экономикалык блок) Эркин Асрандиевдин талапкерлигин жана Өзгөчө кырдаалдар министринин кызматына Замир Аскаровдун талапкерлигин жактырышты. Бул тууралуу КР Жогорку Кеңешинин сайтында айтылат.
Талапкерлер тууралуу маалыматты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөттү. Буга чейин Эркин Асрандиев Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчисинин кызматын аркалап келген, ал эми Замир Аскаров вице-премьер-министрдин кызматын ээлеген.
Отурумдун жүрүшүндө депутаттар кеңири суроолорду белгилешти. Алар негизинен чек арадагы аймактардагы коопсуздукту камсыздоо, ЕАЭБдин алкагындагы экономикалык интеграция, өзгөчө кырдаалдарды алдына алуу жана республикадагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө байланыштуу.