Вице-премьерликке талапкер Эркин Асрандиев ЕАЭБдеги барьерлерди чечүү боюнча пландарын билдирди

04.02.2020, 17:30 Акчабар
Вице-премьерликке талапкер Эркин Асрандиев ЕАЭБдеги барьерлерди чечүү боюнча пландарын билдирди

Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам чыгаруу, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев ЕАЭБ алкагындагы чек-ара барьерлери тууралуу маселени көтөрүп чыкты.

Анын айтымында, Кыргызстандын айыл-чарба өндүрүүчүлөрү ЕАЭБден эч кандай пайда алган жери жок.

«Сиз жакында эле ал жерде (Алматыдагы ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинде) болдуңуз, биз өзүбүздү ЕАЭБдин мүчөсүндөй сезген жерибиз жок. Сүт өндүргөн 10 ишканага сүт азыктарын экспорттоого уруксат берилди дейт. Бирок башка мамлекеттердин ишканаларына дагы берилип жатпайбы. ЕАЭБ башкаларга салыштырмалуу эркин болушу керек»,-деди ал.

Ошондой эле эл өкүлү вице-премьер министрликке талапкер Эркин Асрандиевге кайрылып, анын ЕАЭБге байланыштуу маселелер менен иштөөдө кандай пландары бар экендигин сурады.

«Мага кызык болуп жатат, сизди эмне үчүн бул кызматка талапкер кылып тандашты, сиз кандай чараларды көрөсүз?»,-деп сурады депутат.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек. «Менин оюмча, бир жагынан бизге карата коюлган барьерлер бар, бирок биз тараптан кеткен кемчиликтер дагы бар. Бул үчүн биздин лабораториялардын статусун жогорулатуу керек. Бирок, биринчи кезекте, биздин кызыкчылыктарыбызды коргоо үчүн биз шериктештерибиз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүбүз керек»,- деди Э. Асрандиев.

Депутат буга чейин дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бирок эч кандай натыйжа болбогондугун белгиледи. «Мындан ары дагы ушундай боло берсе эмне кылабыз?»,-деп сурады эл өкүлү.

Ошондой эле ал Кыргызстандын ЕАЭБке мүчө болгондугуна 4-5 жылдын жүзү болгондугун эскертти. «Ушул убакыт арасында кыргыз тарап  жооп катары кандайдыр бир чараларды кабыл ала тургандыгы тууралуу сөз кылды беле? Бир да жолу айткан эмес деп ойлойм»,-деди Кенжебек Бокоев.

Анын сөзүнө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев пикир айтты. Өкмөт башчы Алматыга баргандыгы жана ал катышкан отурумдун форматы тууралуу айтып берди.

«Коррупциялык элементтер тууралуу дагы сөз болгон, бул тууралуу кечээ эки өлкөнүн президенттери дагы сүйлөштү. Эгер барьерлер менен маселелер чечилбесе, биз дагы чара көрөрүбүздү билдирдик»,-деди ал.

Депутат Кенжебек Бокоев чара көрө турган учур келгендиги тууралуу айтты. Мисал катары ал Беларустун Орусияга карата позициясын келтирди.

«Орусия Федерациясы тараптан көйгөй жок, Казакстан тарап менен бар»-деди премьер.

Акырында эл өкүлү уялуунун кереги жок экендигин айтты.   

Тэги: ЕАЭБ барьерлер чечүү вице-премье

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу