Жумаш Содомбаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Содомбаев буга чейин аталган “Кыргызавтожол” иш канасында директордун биринчи орун басары болуп эмгектенген, ага чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Жол чарба" департаментинин директору, ошондой эле директордун орун басары болгон.
Ал жалпысынан жол тармагында 44 жылдан бери эмгектенип келет.