Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Жунда” мунай заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 2023-жылдын ноябрь айында ишканада капиталдык оңдоо иштери башталган. Заводду модернизациялоо быйыл күздө пландалууда.
"Заводду мурдагы кубаттуулукта ишке киргизүү 2024-жылдын экинчи кварталына болжолдонууда", - деп айтылат маалыматта.
Иш сапардын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы оңдоо иштеринин жүрүшү, заводдун өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү, нефтини кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүнүн перспективалары менен таанышты.