Кыргызстандын чарбалары жыл башынан бери 600 миң тоннадан ашык сүт өндүрүштү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдө сүт өндүрүү 606,8 миң тоннаны түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 12,9 миң тоннага же 2,2 пайызга көп өндүрүлгөн. Баткен облусунан башка бардык аймактарында сүт өндүрүү жогорулады.
Баткен районунун чарбаларында сүт 5,7%га төмөндөгөн. Мунун негизги себеби уйлардын саны 4710 башка азайган.