Быйыл жыл башынан бери айрым социалдык маанилүү товарларга карата баалар төмөндөдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков “Акчабарга” билдирди.
Маалыматка ылайык, кум шекер 4,3%га, 1-сорттогу ун 8,8%, тазартылган күн карама майы 14,1%га төмөндөгөн.
“Күн карамага карата баалардын төмөндөшүнүн негизги себеби Министрлер кабинетинин кошумча нарк салыгын 0%га түшүргөнү, экспорттук баалардын төмөндөшү, тиешелүү чаралардын негизинде аталган товардын аймактарга арзаныраак кетип жатканы менен байланыштуу. Мындан кийин да бааларды көзөмөлдөөнү улантабыз”, - деди Кеңешбай Тайлаков.