Жыл башынан бери уй эти 10 сомго кымбаттады

22.06.2023, 10:18 Акчабар
Жыл башынан бери уй эти 10 сомго кымбаттады

Уй этинин баасы июнь айында 1,57 сомго, 551,45 сомдон 553,02 сомго кымбаттады. Жыл башынан бери ал 10,04 сомго көтөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Кыргызстанда кой этинин баасы орто эсеп менен 7,71 сомго кымбаттады. Эгерде 31-майда кой этинин баасы 589,18 сом болсо, июнь айынын орто ченинде анын баасы 596,89 сомго жеткен. Жыл башынан бери кой эти 68,66 сомго, же 13%га кымбаттады. 

Жылкы эти биринчи айда бир аз арзандады (99 тыйынга). Май айынын аягында 484,75 сомдон сатылса, азыр өлкө боюнча орточо эсеп менен 483,76 сомдон сатылууда. 2023-жылдын январь айына салыштырмалуу жылкынын эти 16,58 сомго жогорулады.

 

Кабардар болуңуз! Биздин Telegram каналыбызга жазылыңыз. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу