2024-жылдын үч айында Ысык-Көл облусунда 70 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылыныны коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктан 17 адам каза болуп, 114 жаран ар кандай жараат алган.
Учурда жол кырсыктарын алдын алуу жана тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү боюнча жер-жерлерде жыйындар өтүүдө.