Жыл сайын 200гө жакын адам иш учурунда майып болот — Тыныбеков

25.01.2023, 15:48 Акчабар
Жыл сайын 200гө жакын адам иш учурунда майып болот — Тыныбеков

Өлкөдө жыл сайын өндүрүштө иштеген 200гө жакын адам майып болуп калат. Бул тууралуу Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын техникалык эмгек инспекциясынын башчысы Догдурбай Тыныбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 1000ден ашык өндүрүш кырсыгы болот. 

“Акыркы беш жылды алсак, кырсыктан 70-80ге жакын адам каза болуптур. Ал эми жыл сайын 200гө жакыны майып болуп калат. Калгандары жеңил жаракат алат. Өндүрүштөгү кырсыкты жашыруун деп коюшат, элге билдиришпейт. Кийин гана билинет. Жарандарга акча, батир беребиз деп алдап коет. Эки-үч жыл өткөндө бул жашыруун кырсык деп катталып, анан биз аны териштиребиз. Эмгек кодексинде жазылат, майып болуп калгандарга бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул берилет. Аны санап көргөндө жылына 80-100 млн сом чыгат экен, мына ошонун артынан чуркап жүрүп жаранга ал акчаны алып беребиз”, - дейт ал.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу