Кыргызстанда жыл сайын мал-жандыктарды жугуштуу ооруларга каршы эмдөөгө 89 млн сом жумшалып келет. Бул тууралуу “Акчабарга” Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов билдирди.
Анын айтымында, бул каражаттар дарылоо вакциналарын сатып алууга жумшалат.
“Жугуштуу ооруларды дарылай турган өкмөттүн атайын токтому бар. 22 оорунун баарына акча-каражаттын жетишсиздигинен 8 оору гана каржыланып келет. Эгер бардык ооруну дарылай турган болсок 562 млн сом сарпталат”, - деди ал.
Кыргызстанда көп учурда мал-жандыктар кутурма, бруцеллез, шарп, туберкулез, сибир жарасы менен оорушат.