Жылдык жүгүртүүсү 140 млн сомдон ашкан жашыруун сүт цехтери аныкталды

12.05.2023, 12:12 Акчабар
Жылдык жүгүртүүсү 140 млн сомдон ашкан жашыруун сүт цехтери аныкталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет сүт азыгын даярдоо жана иштетүү боюнча жашыруун цехтердин ишине бөгөт койду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүт өндүрүүчүлөр узак убакыт бою фермерлер менен сүт заводдорго ортомчулук кылып келишкен. Алар элден сүттү арзан баада сатып алып, дыйкандарга түздөн-түз завод-фабрикаларга жеткирүүгө тоскоолдук кылышкан.

Ошондой эле, үй шартында быштак жана кычкыл сүт азыктарын өндүрүү үчүн чийки сүттү Бишкек шаарынын ири базарларында сатуу менен алгачкы иштетүүнү жүргүзүшкөн. Андан кийин алар сүт заводдоруна жеткирилгендиги аныкталган.

"Мындан сырткары, сүт өндүрүүчүлөр салыктарды төлөөдөн качуу максатында кирешенин иш жүзүндөгү суммасын атайылап жашырышкан. Жашыруун цехтердин ишмердүүлүгү жылына 140 млн. сомдон ашык болгон, мында салыкка келтирилген алдын-ала зыяндын суммасы 34 млн. сомго жакындаган”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда салык кызматы тарабынан мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иштерүү жүрүүдө. Ошондой эле, сатып алуу агенттеринин ишмердүүлүгүнө салыктык текшерүү жүргүзүлүүдө.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу