Ушул жылга жана келерки 2021-2022-жылдарга карата стимулдаштыруучу (үлүштүк) гранттарга республикалык бюджеттен 600 миң сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен маалымдашты.
2020-жылы 504 миллион 791,3 миң сом стимулдаштыруучу гранттын эсебинен 196 долбоор ишке ашырылат.
Долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары берген отчетторго жараша болот.
Маалымат үчүн: кызыктыруучу (үлүштүк) гранттар - аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин жана башка тартылган каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берилүүчү акча.