Кубатбек Боронов: Кышында электр энергия үзгүлтүккө учурабайт

30.10.2019, 14:30 Акчабар
Кубатбек Боронов: Кышында электр энергия үзгүлтүккө учурабайт

Токтогул суу сактагычында  17.2 млрд кубметр ашыкча суу бар. Бул көлөм менен кышкы убакытта үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыз кылса болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. 

Анын айтымында, энергетика кышкы мезгилге даяр. Республикалык штаб күзгү-кышкыга болгон даярдыкты ушул жылдын апрель айынан баштаган. 

«Жалпы жонунан 1 млрд 141 миң тонна көмүр керектелүүдө. Учурда 430 миң тонна көмүр даяр, андан сырткары калган керектелүүчү көмүр боюнча жергиликтүү жана чет элдик өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бишкек ЖЭБде 136 миң тонна  ашыкча көмүр бар. Ишкана 360 мВт кубаттуулугу менен электрэнергия чыгарууга даяр», —  деп айтты Кубатбек Боронов.  

 

Тэги: ГЭС отопительный сезон

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу