Кен казууга жыл ичинде 7 сынак жарыяланат

07.06.2019, 12:36 gulmira umetalieva
Кен казууга жыл ичинде 7 сынак жарыяланат

2019-жылдын аягына чейин кен иштетүүгө үчүн 7 сынак өткөрөт. КР Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитети 2019-жылдын аягына чейин кендерди иштетүүгө берүү үчүн 7 сынак өткөрөт.  Бул тууралуу  жогорудагы комитеттин төрага орун басары Карыбек Ибраев билдирди.

 Учурда  жер казыналары боюнча жаңы мыйзамдарга 30 ашык оңдоп түзөө киргизилип, ал документтер өкмөткө жиберилген.

«Алсак, бул жылы Сүлүктү жана Туюк-Каргаша көмүр кендерин пландап жатабыз. Сүлүктүдө 80 млн. тонна көмүр бар. Сынактын болжолдуу суммасы 8 млн. долларды түзөт. Туюк-Каргашада 35 млн. тонна алтын кени бар. Ошондой эле 2 млн. тонна запасы бар Ноокаттагы  гипс кенин иштетүү үчүн сынакка чыгарууну пландоодобуз. Ал 132 миң долларга коюлууда. Бул болжолдуу сумма. Шарттар дагы иштелип чыгат», - деп билдирди ал маалымат жыйыны маалында.

Ибраев белгилегендей, андан тышкары Ысык-Көлддүн  Жети-Өгүз 17 тонна запасы бар Тоголок алтын кенин иштетүү үчүн сынак өткөрүү каралууда. Ал 24 млн. долларга коюлат. Бул аймак буфердик зона же биосфералык аймак деп эсептелбейт деп кошумчалады. 

Инвесторлор алтын иштетүүдө  кандай техналогияларды колдонору ачыкталган жок. Бирок, анда негизи экологиялык талаптар каралат деп ишендирди. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу