Akchabarsearch
Бийлик жергиликтүү тоютту коргоо аракети менен бүтүндөй тармактан ажырап калуу коркунучуна кептелүүдө

Жарыяланган

2026-08-10, 18:24

Бийлик жергиликтүү тоютту коргоо аракети менен бүтүндөй тармактан ажырап калуу коркунучуна кептелүүдө

Быйыл сентябрь айында кыргыз бийлиги жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында балык үчүн импорттук тоюттарды өлкөгө алып келүүгө убактылуу чектөө киргизүү чечимин кабыл алган. Бирок балык өстүрүүчү чарбалар бул чечим алардын чыгымдарын көбөйтүп жатканын айтышууда. Алардын биринин ээси ата мекендик өндүрүүчүнүн жаңы тоютуна өткөндөн кийин 50 миң балык кырылганын билдирген.

Балык тоюттарын импорттоого киргизилген чектөө 7-октябрда айыл чарба министри Эрлис Акунбеков менен эркин журналист Ыдырыс Исаковдун ортосундагы ачык талкууга себеп болду. Министр жергиликтүү тоют өндүрүүчүлөргө жеңилдиктерди берип, аларды колдоо зарылдыгын белгилесе, журналист бул чечим миңдеген кыргызстандык үй-бүлөлөргө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтты.

Балык өстүрүүчү чарбада балыктардын жапырт кырылышынан келтирилген чыгым 25 миллион сомго бааланган. Ыдырыс Исаковдун пикиринде, буга чейин колдонулуп келген тоютту башкасына алмаштыруу буга себептердин бири болушу мүмкүн. Балыктарды өстүрүүнүн ар бир этабында алардын өсүшүнө жана керектөөчүлөрдүн талаптарына жооп берген сапаттагы продукция алууга ылайыкталган тоют колдонулушу керек. Тоюттун курамы талапка жооп бербесе, бул чарбанын ишине терс таасирин тийгизип, анын ээлери үчүн олуттуу тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн.

Бирок министр балыктардын кырылышына тоют себеп болгонун четке кагып, бийликтин чечимине кимдир бирөө атайылап тоскоолдук жаратууга аракет кылып жаткан болушу мүмкүн деп эсептейт.

“Бизде анализдер бар. Биздин оюбузча, балыктар пестициддерден улам кырылган. Азырынча бул так аныктала элек, бирок кимдир бирөө атайылап зыян келтирген болушу мүмкүн”, — деди министр.

Ошол эле учурда министр окуянын чоо-жайын укук коргоо органдары аныкташы керектигин белгиледи.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда балык тоютун өндүргөн төрт ишкана иштейт. Айыл чарба министри Эрлис Акунбековдун айтымында, алар жылына 70 миң тоннага чейин тоют өндүрүүгө жөндөмдүү. Эгер өндүрүштүк кубаттуулук жетиштүү болуп, ишканалар толук кандуу иштеп жатса, анда балык өстүрүүчү чарбалардын ата мекендик тоютка өтпөй жатышынын себеби жөнөкөй болушу мүмкүн. Тактап айтканда, жергиликтүү продукция рыноктун муктаждыктарын толук канааттандырбайт. Журналист Ыдырыс Исаков талкуу учурунда дал ушул маселеге көңүл бурду.

“Мисалы, сиз балык өстүрүүчү чарбанын ээсисиз дейли. Эгер жергиликтүү тоют сапаты боюнча талапка жооп берсе, анда импорттук тоютту сатып алуунун эмне кереги бар? Эгер ата мекендик төрт ишкана бизнести сапаттуу тоют менен камсыздай алса, анда мамлекеттик колдоого муктаждык жаралбайт. Демек, маселе импортко тыюу салууда эмес. Маселе - рынок өзү сатып ала турган сапаттуу тоют өндүрүүдө”, — деп баса белгиледи Ыдырыс Исаков.

Ыдырыс Исаков мамлекет ата мекендик өндүрүштү колдоону көздөсө, бул багыттагы ыкмасын өзгөртүү зарылдыгын айткан биринчи адам эмес. Бул жаңы идея деле эмес. Дүйнөлүк банк өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жергиликтүү жеткирүүчүлөрдү технологияларга, окутууга, каржылоого жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, сертификациялоо жана сапатты жогорулатуу программалары аркылуу өнүктүрүүнү бир нече жолу сунуштаган.

Ошол эле учурда импортту чектөө дүйнөлүк практикада кездешкен көрүнүш. Өлкөлөр арзан же кескин көбөйгөн импорт ички өндүрүшкө чындап коркунуч жараткан учурда коргоо чараларын колдонушат. Бирок негизги маселе кабыл алынган чаранын канчалык негиздүү, жагдайга шайкеш жана өндүрүштүн бардык баскычтары эске алынып иштелип чыкканында.

Эгер жергиликтүү товардын сапаты төмөн болуп, анын артыкчылыгы баасынын арзандыгында гана болсо, импортко тыюу салуу бул көйгөйдү чечпейт. Тескерисинче, ишкерди өзүнө ылайыктуу чийки затты тандоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, иштеп жаткан бизнестин чыгымдарын көбөйтүшү мүмкүн.

Министр буга каршы жүйө катары импорттук тоюттардын айрым үлгүлөрүн текшерүүнүн жыйынтыктарын келтирди. Анын айтымында, тоюттардын курамынан чочконун ДНКсы табылган. Продукциянын адал болушуна өзгөчө маани берген керектөөчүлөр бар Кыргызстан үчүн бул чындап эле сезимтал маселе.

“Биз Польшанын Aller жана Финляндиянын InAqua компанияларын текшерип, алар 15 жылдан бери балык өстүрүүчү чарбаларды алдап келишкенин аныктадык. Фермерлер бул тоюттардын курамында чочконун эти бар экенин билишкен эмес”, — деди министр.

Ыдырыс Исаков бул жүйөнүн жетиштүү экенине күмөн санап, диний талаптарга байланыштуу маселени рынокту жөнгө салуу маселесинен бөлүп кароо керектигин белгиледи. Мындан тышкары, эгер тоюттун курамында чочконун ДНКсы бар экени чындап эле тастыкталса, анда мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжалуулугуна байланыштуу суроолор жаралат.

Журналисттин пикиринде, импортко тыюу салуунун дагы бир карама-каршылыгы Кыргызстанда тоют өндүрүү тармагынын өзү да импортко көз каранды бойдон калууда.

“Тоюттун курамындагы компоненттердин 95 пайызга жакыны импорттолот, ал эми Кыргызстанда даяр аралашма гана өндүрүлөт. Демек, тоюттун компоненттери да чийки зат болуп эсептелеби? Анда айырмасы эмнеде? Эмне үчүн мындай чара көрүп жатасыз?” — деп сурады Ыдырыс Исаков.

Ошол эле учурда №606 токтому даяр тоютту өлкөгө алып келүүгө чектөө киргизет. Ал эми аны өндүрүү үчүн керектүү чийки затты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ырастоосу менен импорттоого болот. Эгер бийлик бул тармакты өнүктүрүп, импортко көз карандылыгын азайтууну көздөсө, анда алгач тоюттун курамдык бөлүктөрүн жергиликтүү өндүрүүгө көңүл буруу логикалуу болмок.

“Балык тоютун өндүрүү - жаңы тармак. Бир завод курууга 500 миллион сом керектелет. Ал бутуна туруп кеткенге чейин биз ага жеңилдиктерди беришибиз керек”, — деди Эрлис Акунбеков импортко чектөө киргизүүнүн зарылдыгын түшүндүрүп жатып.

Министр ошондой эле бир килограмм тоюттун баасы болжол менен 200 сом экенин белгиледи. Эгер жылына 70 миң тонна тоют өндүрүлсө, анда бул жылына 14 миллиард сомдук рынок болот. Демек, мамлекет үчүн бул тармакты коргоого кызыкчылык бар. Бирок анын баасы кандай болот?

“Кыргызстанда 600гө жакын балык өстүрүүчү чарба бар. Ар биринде орто эсеп менен беш-алтыдан адам иштейт. Бул балык өстүрүү тармагында түздөн-түз эмгектенген үч миңдей адам дегенди билдирет. Алардын үй-бүлөлөрүн кошо эсептегенде, бийликтин чечимдери болжол менен 15 миң адамга таасир этет”, — деп баса белгиледи Исаков.

Ошентип, Акунбеков төрт заводдун өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтса, Исаков жүздөгөн балык өстүрүүчү чарбалардын кызыкчылыгын көтөрүүдө. Эгер мамлекет тоют өндүрүүчүлөрдү коргосо, өлкөдө жергиликтүү өндүрүш өнүгүп, инвестициялар тартылып, салыктык түшүүлөр көбөйүшү мүмкүн. Бирок импортко чектөө киргизилгендиктен балык өстүрүүчү чарбалар өздөрүнө ылайыктуу тоютка жетпей калса, балык өндүрүү көлөмү азайып, балыктар кырылып, ишканалар чыгымга учурашы, жумуш орундары кыскарышы мүмкүн. Мындан тышкары, экспорттун жана бюджетке түшүүчү салыктардын көлөмү да төмөндөп кетүү коркунучу бар.


Тектеш материалды окуу