
Жарыяланган
2025-24-11, 11:58Балдар депозити жөн гана банктык эсеп эмес, бул — баланын келечегине жасалган чоң инвестиция. Ата-энелер уул-кыздарынын келечектеги чыгымдарын алдын ала топтой баштаган акча каражаты дал ушул депозит аркылуу сакталат. Топтолгон каражат баланын билим алуусуна же өз алдынча жашоосуна керектелет. Бүгүнкү күндө балдар депозитин ачуу көпчүлүк үй-бүлөлөр үчүн маанилүү кадамга айланып барат.
Балдар депозитин ачууда көбүнчө банктарга баруу талап кылынат. Анткени документтер баланын атына катталат. Анда ата-эненин паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү керек болот. Эгерде балага камкорчу депозит ача турган болсо анын камкорчу катары дайындалганын тастыктаган документи болушу шарт. Андан кийин банк менен кардардын ортосунда келишим түзүлөт. Банк тарабынан депозиттик келишим, эсеп номери, депозиттин шарттары жазылган документ берилет.

Кыргызстандагы бир катар банктар балдар үчүн атайын иштелип чыккан депозиттик продуктуларды сунушташат. Балдар депозитин ачуу үчүн талап кылынган эң аз сумма банкка жараша айырмаланат. Мисалы, “Мбанк”, “Оптима банк”, “Финка банк”, “Айыл Банк”, “Бай-Түшүм” жана КСБ банкы, ошондой эле “Дос-Кредобанк” сыяктуу банктарда депозитти 1 миң сомдон баштап ачууга болот. Ал эми “Азия банкы”, “Бакай банк”, “Элдик банк” жана Кыргыз инвестициялык кредит банкында балдар депозитин ачуу үчүн кеминде 5 миң сом акча салыш керек. Ал эми “Толубай банкында” 10 миң сом депозит ачасыз.
Балдар депозитин ачууда пайыздык ченди туура тандоо өтө маанилүү. Анткени ал канчалык көп болсо, сиз салган акчанын үстүнө ошончо көп акча кошулат.
Ар бир банкта пайыздык чен да ар башка. Мисалы, “МБанк” MJunior балдар мобилдик тиркемесин колдонгондорго 13,5%, колдонбогондорго 12,50% пайыздык чен сунуштайт. “Оптима банк” ачылган депозитке 9,5%, “Финка банк” — 13%, “Айыл банк”— 12%, ал эми “Толубай банк” — 12,25% кошуп берет.
“Бай-Түшүмдө” — 13%, “Азия банкында” — 11%, КСБ банкта — 12,5%, “Бакай банк” менен “Элдик банкта” —12% менен балаңызга депозит ача аласыз. Ошондой эле “Дос-Кредобанкта” үстөк — 13%, Кыргыз инвестициялык кредит банкында — 12%ды түзөт.

Депозиттин мөөнөтүн туура тандоо, каржы максаттарга жетүү үчүн маанилүү. “Мбанк” — 5 жылга чейин, “Оптима банк” — 14 жылга чейин, “Финка банкы” — 3 жылга, “Бай-Түшүм” — 3 жылга чейин, “Айыл банк” — 10 жылга чейин, “Элдик банк” — 3 жылга чейин, “Азия банкы” — 10 жыл, “Толубай банк” — 2 жылга чейин, КСБ банкы — 3 жылга чейин, Бакай Банк — 5 жылга чейин, Дос-Кдеробанк — 3 жылга чейин, Кыргыз инвестициялык кредит банкы — 5 жылга чейин дерозит ачып берет.
Көпчүлүк банктарда депозитке салынган акчаны мөөнөтүнөн мурда алууга болот. Бирок ал учурда банктар келишимде каралган талаптарын коет. Көбүнчө мөөнөт бүткөнгө чейин каражат алынганда, төлөнө турган пайыздар толук берилбеши же топтолгон үстөк пайыз акчанын бир бөлүгү гана сакталышы мүмкүн. Айрым банктар мөөнөтүнөн мурда алуу үчүн кошумча комиссия да алышат.
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров балдарга депозит ачууда банк менен түзүлгөн келишимине көңүл буруу керек экенин айтты.

“Банк менен түзүлгөн келишимди сөзсүз түрдө дыкаттык менен окуп чыгуу зарыл. Акчаны мөөнөтүнөн мурда ала турган жагдай жаралса кандай талаптар болоруна көңүл буруу шарт. Келишимде майда тамга менен жазылган жазууларга өзгөчө көңүл буруу керек”, - дейт ал.
Ошону менен катар эле Төлөнбек Абдыров банктардын пайыздык чендерин салыштырып көрүү керек экенин белгиледи.
“Банктардагы пайыздык чендерди салыштырып, канча жылда, канча акча топтоло турганын эсептеп чыгыш керек. Бул балдарга арналган депозит кийин алардын билимине же башка керектөөсүнө жарап калат”, - деди Абдыров.
2012-жылы кызына депозит ачкан мамлекеттик кызматкер Айжан Мамбетова (аты өзгөртүлгөн) ошол тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал кызы Прагадагы жогорку окуу жайга тапшырганда, депозит аркылуу чогулган каражат анын билим алуусуна жардам бергенин билдирди.
“Кызым мектепте окуп жүргөн кезде банктардын биринен депозит ачкам. Ошол убакта азыркыдай көп банктарда балдар үчүн атайын депозиттер жок болчу, мүмкүнчүлүктөр да анча кеңири эмес эле. Депозитти ачып коюп, айына 2 миң сомдон үзбөй салып турчумун. Кызым мектепти бүткөндө бул акча анын чет өлкөдө билим алышына жакшы жардам болду. Чынында, айына 2 миң сомдон салып турсаң билинбей эле бир топ каражат топтолуп калат экен.
Азыр 3-класста окуган экинчи кызыма да депозит ачып койдук. Ар дайым бирдей сумма салып турууга мүмкүн болбой калат, бирок ай сайын жок дегенде миң сомдон болсо да деп салып турам”, – деди ал.

1 000 000 сомго чейинки аманаттар Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан камсыздандырылган. Бул агенттик жеке жактардын жана жеке ишкерлердин депозиттерин коргоого алат.
Депозиттерди коргоо агенттиги — бул каржы системасындагы салымчылардын кызыкчылыктарын коргоп, банктардагы депозиттерди камсыздандыруу менен алектенген мамлекеттик орган. Агенттиктин негизги милдети — банк кризистери учурунда салымчылардын акчаларын кайтарып берүү, ошондой эле өлкөнүн банк секторунун туруктуулугун камсыздоо. Ал банктардагы салымдардын коопсуздугун камсыздап, каржылык туруктуулукту сактоо үчүн мониторинг жүргүзөт. Ошону менен катар эле келечектеги мүмкүн болгон банк кризистерин алдын алуу үчүн чараларды көрөт. Бул орган салымчыларды банктык көйгөйлөрдөн коргоо менен, каржы секторуна болгон ишенимди күчөтүүгө өз салымын кошот.


