Инаугурациядан бир нече саат өткөндөн кийин АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ климат боюнча Париж келишиминен чыгып жатканын жарыялады. 2015-жылдагы климаттык келишим өлкөлөрдү глобалдык жылуулукту өнөр жайга чейинки деңгээлден 1,5°C жогору кармап туруу үчүн парник газдарынын эмиссиясын кыскартууга милдеттендирет.
Жакында эле өзбек маалымат каражаттары Өзбекстан Борбор Азияда тиричилик таштандыларын электр энергиясына айландырган биринчи өлкө болорун жазып чыкты. Коңшу өлкө таштанды чыгаруучу заводдорду 2027-жылга чейин ишке киргизүүнү пландоодо.
Бишкек абасы эң булганган шаарлардын дүйнөлүк рейтингинде дайыма сап башында турат. Экологиялык абалдын начарлашынын негизги себеби ЖЭБ, автотранспорт жана жеке менчик үйлөр түтүн чыгарган жылытуу мезгили болуп саналат.