Akchabarsearch
    «Жашыл» реновация: 12 үйдө энергия үнөмдөлдү

    «Жашыл» реновация: 12 үйдө энергия үнөмдөлдү

    Бишкекте “Кыргызстандагы жашыл реновацияга ички мигранттарды тартууга көмөктөшүү” аттуу долбоордун эки жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Долбоор Бишкек, Ош шаарларын жана өлкөнүн жети облусун камтыды. Адистер шаарлардагы абанын сапатын жакшыртуу жана өлкөдөгү жалпы экологиялык абалды оңдоо боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр жана сунушталган чечүү жолдору тууралуу маалымат беришти.

    Миграция чоң шаарлардагы абанын сапатына таасирин тийгизиши мүмкүн экендиги жашыруун эмес, бирок бул таасир дайыма эле түз боло бербейт жана кыйыр факторлордон улам болушу мүмкүн. Бирок миграциянын эсебинен калктын өсүшү энергияны керектөөнүн, транспорттун жана жылуулуктун көбөйүшүнө байланыштуу абанын булганышынын өсүшүнө алып келиши мүмкүн.

    Ички миграция жыл сайын өсүп жатат, он миңдеген үй-бүлөлөр жакшы жашоо издеп чоң шаарларга көчүп кетүүдө, бул инфраструктурага, экологияга жана жашоонун сапатына эбегейсиз жүктү жаратууда. Бишкек бул чакырыктарга өзгөчө сезимтал, абанын булганышы акыркы мезгилде, өзгөчө кыш айларында эң кооптуу сигналдардын бири болуп саналат. Долбоор энергияны үнөмдөө боюнча мамлекеттик программаларга ички мигранттарды интеграциялоого көмөктөштү. Өзгөчө көңүл аялдарды колдоого, ошондой эле учурдагы климаттык шарттарга ылайыкташтырылган архитектуралык чечимдерди киргизүүгө бурулду.

    Миграция боюнча эл аралык уюмдун программалар координатору Таалайбек Талантбек уулунун айтымында, Кыргызстан учурда ички миграциянын өсүшүнө байланыштуу бир топ көйгөйлөргө туш болууда. Айрыкча Ош жана Бишкек сыяктуу ири шаарларда бул маселе курч турат. Миграция агымдарына жүргүзүлгөн байкоолорго ылайык, ондогон жарандар жумуш, окуу же туруктуу жашоо максатында региондордон ири шаарларга көчүп жатышат. Мигранттардын басымдуу бөлүгү борбордогу жаңы конуштарга отурукташууда.

    2021-жылы биз абанын сапатына таасир эткен факторлорду баалоону алгачкы жолу жүргүздүк. Биз Бишкектин тегерегиндеги конуштарда иштедик, ал кезде 47 конуш бар болчу. Эң оболу элди абанын сапатына таасир тийгизген факторлор жана алардын ден соолукка болгон коркунучтары тууралуу маалымдоо аракетин көрдүк. Изилдөөнүн жүрүшүндө жашоочулардын көпчүлүгү борбордук жылытуу же газ менен камсыздоо системаларына туташа элек экени аныкталды. Мунун айынан алар көмүр, отун, ал тургай кээде таштандыны да жылытуу үчүн колдонууга аргасыз болушкан. Бирок акыркы жылдары мэрия калктуу конуштарды газдаштыруу иштерин активдүү жүргүзүп, жакшы натыйжаларга жетишүүдө”, - деди ал.

    Бирок калктын аярлуу катмары, тилекке каршы, газды туташтыруу үчүн төлөөгө жетиштүү каржылык ресурстарга ээ эмес. Мындай шартта алар көп көлөмдө көмүр колдонуудан  баш тарта алышпайт.

    "Ош жана Бишкек шаарларында калктын саны өсүп жатканын эске алып, абанын булганышына каршы күрөшүүдө энергетикалык эффективдүүлүктү жайылтуу маанилүү чечимдердин бири болот деп ойлогонбуз. 2023-жылы биз энергия тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорду ишке киргиздик. Алгач проектилерге негизделген турак үйлөрдүн планын иштеп чыгууну чечтик. Анткени биз турак жайларда иштеп жүргөндө мамлекет тарабынан, же мамлекеттик курулуштун планы жок көп үйлөр курулганына күбө болдук. Ошондуктан биз калк пайдалана ала турган, Министрлик тарабынан бекитилген даяр үй пландарын иштеп чыгууну максат кылдык. Бул пландар эң энергия үнөмдүү болуп эсептелет, азыр алар толугу менен иштелип чыгып, элге жеткиликтүү”, - деди ал.

    Долбоордун алкагында энергияны үнөмдөөчү турак жай үчүн архитектуралык долбоорлордун улуттук сынагы болуп өттү, анын жеңүүчүлөрү аз кабаттуу курулуштар үчүн заманбап туруктуу чечимдерди көрсөтүштү.

    Бишкек жана Ош шаарларында 12 үйдө комплекстүү “жашыл” оңдоо иштери жүргүзүлдү. Үйлөрдүн эшик-терезелери алмаштырылып, фасаддары жылууланып, вентиляция жана электр системалары жакшыртылды. Оңдоп-түзөөгө жеке курулуш компаниялары өз каражаттарынын эсебинен салым кошушкан.

    Мындан тышкары, 45 активист аял жана 140 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү турак жайды энергияны үнөмдөөчү башкаруу боюнча курстарды аякташты. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө да салым кошкон. Бизнестин, тиешелүү министрликтердин жана бирикмелердин өкүлдөрү үчүн жашыл стандарттарды практикалык ишке ашыруу боюнча окуу иш-чаралары уюштурулду.

     “Юнисон групп” компаниясынын президенти Нурзат Абдрасулова түтүн тууралуу көбүнчө кыш келерде, жылытуу маселеси көтөрүлгөндө гана ойлонобуз деген пикирин айтты. Ал эми үйлөрдү изоляциялоо, тескерисинче, жайында жүргүзүлүшү керек, анткени бул кышында жылытууга керектелчү энергияны азайтууга жардам берет.

    "Көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстандагы түтүн көйгөйлөрүнүн бири - көмүр менен жылытуу маселеси. Ошол эле учурда борбор калаанын калкы өсүп, миграция уланууда. Ар кандай маалыматтар боюнча, Бишкекте 1 миллион 300 миңге жакын адам жашайт, булар расмий каттоодон өткөн шаар тургундары гана эмес, жумушка келгендер да. Шаардагы турак жай массивдеринде 200 миңден ашык адам жашайт. Бишкек шаарынын чегинде 57 турак жай массиви бар жана алар борбор калаанын 30% аянтын ээлейт”, - деди ал.

    Ал өлкөдө Улуттук жашыл фонд түзүүнү сунуштады, анын долбоорлорунун көлөмү болжол менен 50 миллиард сомду түзөт.

    “Башкы максат - жашыл реновацияны жана жашыл технологияларды илгерилетүүдө активдүүлүктү жогорулатууга шарт түзгөн улуттук ресурсту түзүү. Биз дайыма тышкы донорлорго көз каранды болуп тура албайбыз, калктын жашыл өзгөрүүлөр үчүн каржылык мүмкүнчүлүктөргө жетүүсүн камсыз кылышыбыз керек”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.


    Тектеш материалды окуу