Akchabarsearch
Смартфондогу мамлекеттик облигациялар: Кыргызстанда инвестиция рыногу кандай өзгөрүүдө?
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2026-23-06, 14:00

Смартфондогу мамлекеттик облигациялар: Кыргызстанда инвестиция рыногу кандай өзгөрүүдө?

Финансылык сабаттуулук чоң кирешеден эмес, акчага туура мамиле кылуудан башталат. Атүгүл аз суммадагы акча да, эгер аны жөн эле кармап койбой иштетсе, адам үчүн пайда алып келе алат.

Мунун себеби жөнөкөй: убакыт өткөн сайын акчанын сатып алуу жөндөмү төмөндөйт. Инфляция топтолгон каражаттын баасын акырындап азайтат. Ошондуктан финансылык жактан сабаттуу адамдар акчаны жөн эле сактап койбой, аны баалуулугун сактоого жана көбөйтүүгө жардам берген куралдарга багытташат.

Инвестициялоонун жолдору ар түрдүү. Кээ бир адамдар өз бизнесин ачат, башкалары кыймылсыз мүлккө инвестиция салат. Бирок мындай чечимдер ири каражатты талап кылат жана баарына эле жеткиликтүү боло бербейт. Ошондуктан көпчүлүк үчүн жөнөкөй жана түшүнүктүү варианттар ылайыктуу: банктык депозиттер же мамлекеттик баалуу кагаздар.

Депозиттер адатта топтолгон каражатты сактоонун эң кеңири таралган жолдорунун бири болуп эсептелет. Акча банкка белгилүү бир мөөнөткө жайгаштырылат, ал эми салым ээси пайыз түрүндө киреше алат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын коммерциялык банктары улуттук валютада ар кандай депозиттик программаларды сунуштап жатышат. Пайыздык чендер каражаттын канча мөөнөткө салынганына, толуктоо мүмкүнчүлүгүнө жана башка шарттарга жараша өзгөрөт.

Жөнөкөй мисалды карап көрөлү. Мисалы, адамда 1 миң сом бар дейли. Эгер ал акчаны жылдык 10% менен депозитке салса, бир жылдан кийин сумма болжол менен 1,1 миң сомго жетет. Эгер пайыздык чен 12-13% болсо, киреше бир аз көбүрөөк болот. Мындай инструмент каражатты инфляциянын таасиринен жарым-жартылай коргоого жана кошумча киреше алууга мүмкүнчүлүк берет.

Бирок акыркы жылдары кыргызстандыктар дагы бир финансылык инструментке -мамлекеттик баалуу кагаздарга көбүрөөк көңүл бура башташты.

Аларга болгон кызыгуу бекеринен эмес. Мамлекеттик баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан экономикага каражат тартуу максатында чыгарылат. Мындай кагаздарды сатып алуу менен инвестор мамлекетке белгилүү бир мөөнөткө акча берет жана анын ордуна кепилденген киреше алат.

Бул инструментке өзгөчө көңүл бурулушунун себеби анын кирешелүүлүгү. Айрым чыгарылыштарда мамлекеттик баалуу кагаздардын жылдык пайыздык чени 17%га чейин жетиши мүмкүн. Эгер 1 миң сом мисалына кайрылсак, мындай кирешелүүлүк менен бир жылдан кийин инвестор болжол менен 1,17 миң сом алат. Депозиттер менен салыштырганда айырма, өзгөчө ири суммаларда, кыйла байкала баштайт.

Маанилүү факторлордун бири - ишенимдүүлүк деңгээли. Мамлекеттик баалуу кагаздар эң консервативдүү финансылык инструменттердин катарына кирет. Алар боюнча милдеттенмелер мамлекет тарабынан камсыздалат, ошондуктан көптөгөн инвесторлор аларды капиталды узак мөөнөткө сактоонун ыкмасы катары карашат.

Кыргызстанда ички инвестицияны өнүктүрүү маселеси үзгүлтүксүз көтөрүлүп келет. Президент Садыр Жапаров бир нече жолу жарандарды өлкөнүн экономикалык процесстерине көбүрөөк тартуу жана калктын топтолгон каражаттары улуттук экономика ичинде иштеши үчүн шарт түзүү зарылдыгын белгилеген. Мамлекеттик баалуу кагаздар - мамлекет менен жеке инвесторлордун кызыкчылыгын бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берген инструменттердин бири.

Бирок инвестициялык инструменттин кирешелүүлүгү гана эмес, аны колдонуу ыңгайлуулугу да маанилүү. Мурда мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу татаал процедуралар жана финансылык уюмдарга баруу менен байланыштуу болсо, бүгүнкү күндө бул процессти түз эле смартфон аркылуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Мындай мүмкүнчүлүктү “MEGA Инвестициялар” кызматы MegaPay тиркемеси аркылуу сунуштайт. Колдонуучулар Кыргыз фондулук биржасынын соода системасы аркылуу, лицензияланган брокердин катышуусунда, мамлекеттик казыналык облигацияларды үйдөн чыкпай эле сатып ала алышат.

Учурда инвесторлорго эки жылдык мамлекеттик казыналык облигациялар жеткиликтүү. Алардын туруктуу кирешелүүлүгү жылына 17% түзөт. Бул облигациялар боюнча киреше ар үч ай сайын төлөнүп турат, ошондуктан баалуу кагаздардын жүгүртүү мөөнөтү ичинде үзгүлтүксүз киреше алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошол эле учурда мамлекеттик облигациялар мамлекеттик кепилдик менен камсыздалгандыктан, рыноктогу эң ишенимдүү инвестициялык инструменттердин бири катары эсептелет.

Кирүү босогосу да кеңири катмар үчүн жеткиликтүү бойдон калууда. Бир облигациянын номиналдык баасы 100 сомду түзөт, ал эми минималдуу инвестиция 1 миң сомдон башталат. Бул инструментти ири инвесторлор гана эмес, өзүнүн инвестициялык портфелин жаңыдан түзүп баштагандар да колдоно алышат.

Сатып алуу процесси бир нече мүнөт гана убакыт алат. Бул үчүн MegaPay тиркемесин ачып, “MEGA Инвестицилар” бөлүмүнө кирүү, мамлекеттик облигацияларды тандоо, керектүү сандагы кагаздарды көрсөтүү жана келишимди электрондук кол тамга менен тастыктоо жетиштүү. Бардык документтер аралыктан таризделет, ал эми кызматка каалаган убакта кирүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Топтолгон каражатты сактоо жана көбөйтүү маселеси барган сайын актуалдуу болуп жаткан шартта, мамлекеттик баалуу кагаздар кирешелүүлүк, ишенимдүүлүк жана жеткиликтүүлүктү бириктирген инструмент катары көңүл бура баштады. Ал эми MEGA улуттук уюлдук операторунун тиркемеси сыяктуу санариптик кызматтардын жардамы менен инвестиция салууга биринчи кадамды жасоо мурдагыга салыштырмалуу кыйла жеңил болуп калды.


Тектеш материалды окуу