Жарыяланган
2025-01-10, 10:291-октябрда көптөгөн өлкөлөрдө Карылардын эл аралык күнү белгиленет. Бул дата жөн жерден тандаган эмес: эл ичинде карыган курак “алтын чак” деп аталат, ал эми күз дагы “алтын мезгил” катары белгилүү. Ошондуктан улуу муунга арналган өзүнчө күндү дал ушул күз айында белгилөө чечими кабыл алынган. “Акчабар” агенттиги качандыр бир кезде өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон айрым адамдар бүгүн кандай жашоо кечирип жатышканын жана мамлекет аларга кандай кам көрүп жатканын билип көрдү.
Бул датага карата Бишкектин Свердлов району боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери менен бирге басылманын журналисти алардын кароосундагы жарандардын үйүнө барып, абалын көрүп кайтты.
Бишкекте жумасына беш күн социалдык коргоо башкармалыктарында каттоодо турган жалгыз бой улгайган жарандар ысык түшкү тамак алса болот. Азыр райондо 21 социалдык кызматкер иштейт. Алардын ичинен 7си улгайган бишкектиктерге жардам көрсөтөт. Ар бир кызматкердин кароосунда орто эсеп менен 16–17 адам бар. Бирок бул кызматта көпкө иштегендер аз — айлыгы болгону 16 миң сом, ал эми жумуш жеңил эмес.
Бишкек мэриясынын Свердлов району боюнча муниципалдык администрациясынын ашканасында биз социалдык кызматкерлер Данахан Улукахунова жана Айгүл Кольбаева менен тааныштык. Алар кесиптештери менен бирге өздөрүнүн кароосундагы адамдар үчүн ысык тамак алып, жолго чыгууга камданып жатыптыр. Ар биринин колунда 10-12 контейнер тамак, экиден оор сумка көтөрүп алышкан. Мен барган күнү алар мастава шорпосун жана макароны по-флотски таратканга бара жатышты. Адатта бул жерден аялдар (социалдык кызматкерлердин баары аялдар) аялдамага жөнөп, ар кимиси өз районуна кетишет. Биз болсо “Аламедин-1” кичи районуна жол тарттык — ал жерде алардын кароосундагы бир нече кары жашайт.
Айгүл Доктуровна социалдык кызматкер болуп сегиз жылдан бери иштейт. Жолдо бара жатып ал Антонина Васильевна үчүн (Автордун эскертүүсү: кароодогу адамдардын аттары алардын өтүнүчү менен өзгөртүлдү) нан сатып алды. Социалдык кызматкерлер күн сайын жолдон эмне ала келүү керек экенин тактап турушат, ал эми чоң энелер сатып алган азык-түлүктөрү же дары-дармектери үчүн өздөрү акча төлөшөт. Ошентип, үйгө жеткирүү кызматында азык-түлүктөн тартып, дары-дармек, памперске чейин камтылат.
“Сураныч, агыраак лепёшканы тандап бериңизчи, анын ашказаны ооруп жатат”, - деп өтүндү аял тандырга нан жапкан кишиден.
Дүкөндө эки литр кефир сатып алып жатып сүт азыктарынын дагы кымбаттаганына кейип калды. Көпчүлүк кардарлар байкабашы мүмкүн, ал эми карыялар үчүн бул абдан сезилет.
Айгүл эженин колунда өзү басып-турууга анчейин жарабаган адамдардын батирлеринин ачкычтары бар. Антонина Васильевна да ошолордун бири. Бирок ал эч нерсе кылбай жата албайт. Ал бизди өзү башкарган арбада тосуп алды.
“Ой, менин үйүмдү тазалаган жокмун да”, — деп карыя кемчилигин жашырды.
Бир бөлмөлүү батир абдан таза. Анын ээси да өзүнө көңүл бурганды билет - челкасы бигуди менен кылдат бүктөлгөн, керебет жыйналган, ал эми ашканада помидор менен алма столдун үстүнө тыкан тизилген.
Анын пенсиясына айрымдар суктанышы мүмкүн. Айына 18 миң сомдон бир аз ашык пенсия алат. Бирок бир пакет памперс эле 3 миң сомду түзөт. Ал эми ай сайын бир нече пакет керек болот. Мындан тышкары коммуналдык төлөмдөрдү, кымбат дарыларды, азык-түлүктү жана тазалоочу каражаттар үчүн да төлөш керек. Андай шартта кантип жашоого болот? Ошондуктан ал так эсеп жүргүзүүгө мажбур — эмнеге канча акча кеткени так белгиленет.
“Мурда таптакыр төшөктөн тура алчу эмесмин, азыр болсо батирдин ичинде кыймылдап жүрөм, өзүм тамак жасайм, жакында эле баклажандан икра жасадым. Менде грыжа болуп, операция жасашкан, ошондуктан азыр бутума бекем тура албайм. Дарыгерлер кыймылдап, көнүгүү жасаш керек дешет. Айгулечка мага тамак ташып келет, бирок мен ага: “Мен өзүм деле тамак жасай алам, ушул айда сен ордунан такыр тура албай турган адамдарды тамактандыр” — деп айтам”, — дейт ал.
Кожойке муздаткычты көрсөтүп, анын ыңгайлуу жайгашканын, азыктарга жетүү жеңил экенин айтып берди.
“Эртең бир жарым килограммдай помидор алып келгиле, өткөндөгү мага абдан жакты, жумшак болбосун. Картошка да сатып ала келгиле, — деп узатты ал бизди.
Андан кийин Данахан Токтомаматовнанын карамагындагы Анна Федоровнага бардык. Ал көп жыл бухгалтер болуп иштеген, азыр болсо сканворддорду мыкты чече билет жана радиодон жаңылыктарды угат. Ачылып турган каалгандан музыка угулуп турду...
“Мен “Ретро FM”ди укканды жакшы көрөм, ал жакта биздин жаштыктагы ырларды коёт, бирок толкунду жоготуп алдым, бурап, бурап, эч таба албай жатам”, — деп батирдин ээси бизди тосуп алды.
Анна Федоровнанын жалгыз кызы үй-бүлөсү менен Германияда жашайт. Анын жолдошу экөөнүн тең угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген. Бишкекте жашоо шарттарын түзүү жана жумуш табуу кыйын болгондуктан алар Европага көчүшкөн. Алар апасына мүмкүн болушунча жардам берип, мүмкүн болгондо келип кыдыртып турушат. Бирок бул чанда гана болот. Калган убакта карыя өз алдынча жашайт. Соңку жылдары көрүүсү начарлап калган — өзү жалгыз үйдөн чыга албайт. Ошондуктан жакынкы дүкөнгө чогуу барып келүү үчүн социалдык кызматкерди күтүп отурат.
“Мен сагынбайм деле. Сканворддорду чечмелейм, буюм-тайымдарды жыйнайм. Мурда “АДРА” кайрымдуулук фондуна барып, фитнес менен машыкчумун. Ошондой эле биз чогулуп, ар кандай иш-чараларды өткөрүп, баарлашчубуз. Бирок бул карантинге чейин эле, андан кийин алар машыгууну кайра баштаган жок”, — дейт ал.
Анна Федоровнанын көзүндөгү катарактага операция жасалган, бирок натыйжа жок. Өзү тамак жасоо кыйын жана кооптуу — плита өчпөй калганын көрбөй калышы мүмкүн. Ошондуктан социалдык кызматкер аны туруктуу түрдө каттап, ысык тамак менен камсыз кылат.
“Доктурга жазылдыңызбы? Жазылганда айтыңыз. Бирге барабыз”, — деп жатты Дана эже көз дарыгери офтальмологго баруу керектигин эскертип. “Биз операцияга да чогуу барганбыз, карыя корккон жок — бул эң негизгиси, ал эми мен коридордо аны күтүп жүрүп, тынчсыздангам”, — дейт ал.
Данахан Токтомаматовна 36 жылдан бери социалдык кызматкер болуп иштейт, ушул жылдар ичинде ондогон кишиге кам көргөн. Анын ичинен карыя Дусяны өзгөчө жылуу сезим менен эстейт. Ал менен көп жыл иштеген, дары-дармек жана азык-түлүк алып келип берип, үй-бүлөлүк иштерде жардам көрсөтүп, бирок анын ордуна андан дагы көп нерсе — жашоого байланыштуу кеңештер жана ар дайым жылуу сөз уккан.
Кийинки кароого муктаждар Айгүл эженин көзөмөлүндө. Каалгасы ачык батир социалдык кызматкерди күтүп турду. Туткада майыптар арбасы турат. Бөлмөдөгү диванда 38 жаштагы айым жатты. Көптөгөн ак чачтуу карыялардын арасында жаш жана сулуу айымды көрүү күтүүсүз жана бирок өкүнүчтүү жагдай болду. Айсулуу да туруктуу жардамга муктаж. Акыркы 10 жылда анын жашоосу төрт дубалдын ичинде, сейрек гана сыртка чыгып, зарылчылык болгондо, мисалы, ооруканага шашылыш барууга туура келет.
Аял майыптыгы үчүн болгону беш миң сомдон бир аз ашык пенсия алат. Бул каражаттын көбү ооруну басуучу дары-дармектерге кетет. Ошондуктан акысыз берилип жаткан тамак-аш ага аба, суудай керек. Андан тышкары, батирде кыймылдоо ага өтө кыйын, өз алдынча тамак жасоо да оор.
“Айгулечка, полду жууш керек”, — деп социалдык кызматкерден өтүндү.
Диванда ноутбук турат. Айсулуу күндөрүн сериал көрүп өткөрөрүн айтып берди, корей дорамаларын жакшы көрөт. Өзү менен болгон окуяны баяндагысы келбейт. “Кырсык болгон” деп кыска гана жооп берди. Тамак салынган контейнерди көрүп: “Макароны по-флотскийди абдан даамдуу жасашат!” — деп жылмайды.
“Марина Рахимовна, апакем менин, кутман күн! Ден соолугуңуз кандай?” — деп эшиктен кийинки карыяга баш бакты Данахан Улукахунова.
Столдо дары-дармектин кутучаларынан турган пирамидка, кан басым өлчөгүч турат. Данахан эже кайсы таблеткалардан канча калганын текшерип, эмнени дагы сатып алыш керек экенин карап чыкты.
Ал көп жыл бою Олимпиадалык резерв мектебинде иштеп, келечектеги чемпиондордун бир нече муунун тарбиялаган, аларды дүйнөлүк ареналарда өлкөгө таанымал кылган. Балдарды орус тили жана адабияты боюнча окуткан, ошол эле кезде кыргызча да үйрөнгөн. Анын бүтүрүүчүлөрү азыр деле мугалимди унутпай, келип турушат, бирок майрамдарда гана; жумуш күндөрү ал толугу менен жалгыз. Жолдошу, бир тууганы жана жалгыз уулу каза болгон.
“Мен жана жолдошум көп жылдар бою Ысык-Көлдө жашап, бүт өмүрүбүздү эмгекке арнадык. Карылыкка аздыр-көптүр каражат топтогонбуз. Бирок жакында алдамчылар мени алдап кетти. Алар тууралуу ушунчалык көп уккам, бирок алданып калдым. Бардык топтолгон каражат — 200 миң сомду уурдап кетишти”, — деп кейиди карыя.
Биз сүйлөшүп отурган залдагы телевизордон кожойке жаңылыктарды көрүп жатты. Ал ар дайым акыркы окуялардан кабардар болуп турат, гезит-журналдарды сатып ала келүүнү суранат.
Социалдык кызматкери тууралуу абдан жылуу жана жакшы сөздөр менен айтып, узатып жатып, анын кызматтан кетүүнү ойлобошун талап кылат.
“Мен тирүү кезде сен иштей бересиң!” — деп күлдү ал.
Ал эми Данахан Токтомаматовна шаардын башка четинде күтүп турган кароосуз карыларга баруу үчүн дароо аялдамага шашып жөнөдү...