Akchabarsearch

    Жарыяланган

    2025-16-07, 12:52

    Ипотекага үйдү баштапкы төлөмсүз кантип алса болот?

    Көпчүлүк жарандар ипотекага үй сатып алууну каалашканы менен баштапкы төлөм үчүн керектүү каражаты жетпей калат. Мындан улам, бир нече жыл кезекке турууга аргасыз болушат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кепилдик фонду жарандарга жардам берүүчү атайын программа сунуштайт. “Акчабарга” бул тууралуу аталган фонддун төрагасы Малик Абакиров айтып берди.

    —Саламатсызбы, бул программа ипотекага үй алганга баштапкы төлөм үчүн акчасы жок жарандарга арналган экен. Ушул боюнча кененирээк айтып берсеңиз.

    —Биздин программа Мамлекеттик ипотекалык компанияга тиешеси жок. Жарандар ипотекага үй алганда баштапкы төлөмү жок болсо 30% га чейин кепилдик берип, баштапкы төлөмдү алганга мүмкүнчүлүк түзөбүз. 1-июлдан баштап, коммерциялык банктар: “Айыл” банк, “Элдик” банк,  “Дос-Кредобанк” менен келишим түзүлдү.

    —Сиздер бул программадан кандай пайда көрөсүздөр?

    —Пайда көрбөйбүз, негизгиси элге жардам берели деп жатабыз. Биз көрсөткөн кызмат үчүн кепилдиктин суммасынан 2% гана алабыз. 

    —Программага кимдер катыша алат?

    —Бардык кыргызстандыктар катышса болот. Эгерде жаран өлкөдө болсо банк тараптан бир дагы тоскоолдук болбойт, ал эми мигранттардын Кыргызстандан насыя алуу мүмкүнчүлүгү болсо, аларга дагы жеткиликтүү. Банк арыздарды жөнөтсө эле, кепилдик алды деген чечим чыгат.

    —Кандай документтер керектелет? 

    — Банк сураган документтердин бардыгын бериш керек. Үйү бар адамдар дагы алса болот. Негизгиси — кирешеси барбы, болсо канча, насыяны төлөй алабы?, – ошол маанилүү.

    —Канча суммага чейин кепилдик бересиздер? 

    — Азыркы учурда насыянын көлөмү 10 млн сомдон ашпасын деген чечим чыккан. Банктар 30% дан кем эмес баштапкы төлөм болушун талап кылып жатышат. 

    —Кепилдик берип жатканда күрөө талап кылынабы?

    — Биздин өзгөчөлүгүбүз ошондо, эч кандай күрөө сурабайбыз, күрөөнү банктар талап кылат. 16 жылдан бери 17,5 миң кишиге кепилдик бердик, берилген сумма 15,5 млрд сомдон ашты, ал эми банктар берген насыя 41 млрд сомдон ашты.

    —Эгер жаран насыяны төлөй албай калса, эмне болот? Сиздер тараптан кандайдыр бир колдоо болобу? 

    — Алган насыяны кандай болсо дагы төлөшү зарыл. Төлөй албай калган учурда, банк коюлган күрөөнү алып койот.


    Тектеш материалды окуу

    • Ипотекага үйдү баштапкы төлөмсүз кантип алса болот?

      Көпчүлүк жарандар ипотекага үй сатып алууну каалашканы менен баштапкы төлөм үчүн керектүү каражаты жетпей калат. Мындан улам, бир нече жыл кезекке турууга аргасыз болушат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кепилдик фонду жарандарга жардам берүүчү атайын программа сунуштайт. “Акчабарга” бул тууралуу аталган фонддун төрагасы Малик Абакиров айтып берди.
      2025-16-07 06:52:19