akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: иллюстративное

    Жарыяланган

    2025-05-03, 11:48

    Кыргызстанда мырзалар берешен: Эркектер 8-Мартка белек үчүн 30 миң сомго чейин коротууга даяр

    Эл аралык аялдар күнү – жөн гана календардагы дата эмес, ал аялзатына жылуу сөз айтып, сүйүнүч жана жакшы маанай тартуулоо үчүн жакшы себеп. Кыргызстанда 8-Март эң сүйүктүү майрамдардын бири бойдон калууда: аны өлкө жашоочуларынын 79%ы белгилешет. Дагы 17%ы жакындарын куттуктайт, бирок өзгөчө шаан-шөкөт болбойт. 

    Бул күнү көпчүлүк баарынан мурда апаларын куттуктайт. Wildberries компаниясынын изилдөөсүнө ылайык, эркектердин 73%ы сөзсүз түрдө апаларына белек даярдашат, ал эми 71%ы жубайларын куттуктайт. Аялдар да апаларын куттуктаганды унутпайт – алардын 80%ы белек берет.

    Мындан тышкары, эркек кишилер эже-карындаштарына (34%), кыздарына (32%) жана курбу кыздарына (17%) белек камдайт. Аялдар болсо, апаларынан тышкары, көбүнчө курбуларына (47%), эже-сиңдилерине жана кыздарына (42%) белек беришет.

    Кайсы белектерди тандашат?

    Мырзалар арасында белек катары гүл жана косметика бергендер арбын. Ошондой эле эркек кишилер зер менен үй-тиричилик буюмдарын белек кылышат. 

     

    Кыргызстандык айымдар эң көп ала турган 5 белек:

    • гүл – 62%;
    • косметика жана атыр – 36%;
    • үй-тиричилик буюмдары – 28%;
    • зер буюмдар – 28%;
    • кийим жана аксессуарлар – 22%.

    Кызыгы, эркектер белек тандаган жагынан аялдар менен окшошуп кетет. Мисалы аялдар 8-Мартка карата жакындарына косметика менен атыр (53%), гүл (43%) жана үй-тиричилик буюмдарын (36%) белек кылса, мырзалардан эң алды ушул эле белектерди алышат. 

    Бирок аялдар зер буюмдарынын ордуна таттууларды (25%) белек кылганды жактырат. 

    Кыргызстандыктар 8-Мартка канча акча сарптоого даяр?

    Сурамжылоо көрсөткөндөй, биздин мырзалар колу ачык адамдардын бири. Сурамжылоого катышкандардын 30%ы белек үчүн 10 миңден 30 миң сомго чейин коротууга даяр. Дагы 6%ы 30 миң сомдон кымбат белек алууну пландоодо. 

    Салыштыруу үчүн айта кетсек, коңшу Казакстанда сурамжылоого катышкандардын 27%ы 10 миң сомдон ашпаган акча сарптаганы жатат. Грузияда да суроого жооп бергендердин 36%ы белекке 10 миң сомдон ашык чыгым кылбайт. Арменияда болсо мыйрзалардын пикири бир кылка эмес: 25%ы белекти 1 миңден 3 миң сомго чейин алам десе, дагы 25%ы 10 миңден 30 миң сомго чейин коротконго даяр. 

    Коңшу Өзбекстанда болсо, сурамжылоого катышкан эркектердин 30%ы Казакстан жана Грузиядагыдай эле 10 миң сомдон ашык акча сарптоого даяр эмес. Ошентсе да, Өзбекстанда белекке 30 миң сомдон көп акча коротууну пландаган бир топ киши бар – 11%.


    Тектеш материалды окуу

    • Кыргызстандыктардын айлыгы өсүп жатат, бирок жашоого жетеби?
      Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү кирешенин өсүү темпи боюнча рекорддук көрсөткүчтөрдү билдиришүүдө, бирок резиденттердин сатып алуу жөндөмдүүлүгү канчалык реалдуу? Кыргызстан кызыктуу динамикасын көрсөтүүдө – айлыктар өсүп жатат, бирок жашоонун сапаты өзгөрдүбү
      2025-10-04 13:00:59
    • Кыргызстанда NFC-стикерге кызыккандар арбыды. Ал кимге жана эмне үчүн керек?
      Азыркы мезгилде көптөгөн жарандар убактысын текке кетиргиси келбейт, айрыкча дүкөндө акча төлөөгө келгенде бир-эки көз ирмем узактай сезилет. Акчаны электрондук капчык менен төлөсө да, тиркеменин ачылганын, акча түшкөнүн күтүү –убакыт бошко кетип жаткандай туюлат. Ошондон улам Кыргызстандын банктары жана компаниялары NFC-стикерлерин – бир тийип төлөй ала турган кичинекей жабдыктарды сунуштап жатат
      2025-17-03 04:00:50
    • Банкка акча салып, киреше табуунун сыры: Көбүрөөк акча табыш үчүн депозитти качан ачуу керек?
      Акчаны банкта сактоо коопсуз гана эмес, кирешелүү да десе болот. Муну көптөгөн кыргызстандыктар да жакшы билишет. Аны депозитке салынган акчалардын көбөйгөнү да тастыктап турат: январь айынын аягына карата депозиттердин жалпы суммасы 661,3 млрд сомго жетип, анын 204,9 млрд сому жарандар салган акча.
      2025-12-03 05:44:47
    • Үй-бүлөлүк бизнес: «Алтын» таксопаркы кантип негизделген?
      Жубайлар Александр менен Наталья “Алтын” таксопаркын негиздешкен. Бул компания бүгүнкү күндө Кыргызстанда жана Орусияда ийгиликтүү иштөөдө.
      2025-17-01 08:16:30