
Жарыяланган
2026-03-06, 16:37Паспорт алуу, ID-картаны алмаштыруу, маалымкаттарды тариздөө же документтерге өзгөртүү киргизүү кыргызстандыктар үчүн кыйла кымбаттады. Акыркы бир жылда көптөгөн мамлекеттик кызматтардын баасы ондогон пайыздарга жогорулап, айрымдарынын наркы эки эседен да ашык өстү.
Бүгүнкү күндө мамлекет бир нече жыл мурдагыга салыштырмалуу таптакыр башка шартта иштеп жатат. Санариптештирүү, заманбап Калкты тейлөө борборлору (КТБ), онлайн кызматтар жана мамлекеттик маалыматтык системаларды колдоо олуттуу чыгымдарды талап кылат. Ошондуктан негизги суроо эми башкача коюлууда: жаңы системаны каржылоо жүгүн ким көтөрүшү керек - мамлекеттик бюджетпи же кызматтарды пайдалануучуларбы?
Тарифтердин өзгөрүшү дээрлик бардык популярдуу кызматтарды камтыды.
Мисалы, ID-картаны биринчи жолу алуу баасы 738 сомдон 1 миң 103 сомго чейин жогорулады, ал эми документти алмаштыруу кызматы 1 миң 255 сомдон 1 миң 868 сомго чейин кымбаттады. 34 барактан турган чет өлкөлүк паспорттун баасы болсо 2 миң 104 сомдон 2 миң 981 сомго чейин өстү.
Өзгөчө шашылыш кызматтардын баасы кыйла көбөйдү. Мисалы, жарандык, каттоо жана калкты документтештирүү боюнча маалыматтарды шашылыш тастыктоо кызматынын баасы 537 сомдон 1 миң 384 сомго чейин жогорулады. Ал эми фамилияны, атты же атасынын атын шашылыш өзгөртүү кызматы 693 сомдон 1 миң 414 сомго чейин кымбаттады.
| Услуга | 2025 | 2026 | Изменение |
|---|---|---|---|
| Первичное получение | 738 | 1 103 | +49.5% |
| Обмен | 1 255 | 1 868 | +48.8% |
| Взамен утраченного | 1 455 | 2 068 | +42.1% |
| Смена ФИО/адреса | 1 315 | 1 928 | +46.6% |
| Смена национальности | 2 011 | 2 468 | +22.7% |
| Услуга | 2025 | 2026 | Изменение |
|---|---|---|---|
| Первичное получение/обмен | 2 104 | 2 981 | +41.7% |
| Смена ФИО | 2 204 | 3 081 | +39.8% |
| Утрата | 2 304 | 3 181 | +38.1% |
| Смена национальности | 2 834 | 3 611 | +27.4% |
Мындан тышкары, жарандык абалдын акт жазууларына өзгөртүү жана оңдоолорду киргизүү кызматтарынын, күбөлүктөрдү кайталап берүү кызматтарынын, ошондой эле бир катар миграциялык кызматтардын баасы да жогорулады.
| Услуга | 2025 | 2026 | Изменение |
|---|---|---|---|
| Повторное свидетельство | 326 | 513 | +57.4% |
| Внесение исправлений в записи актов | 714 | 1 163 | +62.9% |
| Срочное внесение исправлений | 1 190 | 1 627 | +36.7% |
| Срочная смена ФИО | 693 | 1 414 | +104% |
| Срочное подтверждение сведений | 537 | 1 384 | +158% |
Мындай өзгөрүүлөр көптөгөн жарандар үчүн күтүүсүз болду. Дал ушул себептен улам тарифтер маселеси парламентте кызуу талкуунун предметине айланды.
Акыйкаттык үчүн белгилей кетүү керек, айрым кызматтар боюнча баалар тескерисинче төмөндөгөн. Мисалы, учурда туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу 45 сомду түзөт, ал эми мурда бул документ үчүн 105 сом төлөө талап кылынган.
Тарифтердин жогорулашы акыркы жылдардагы мамлекеттик кызмат көрсөтүү тутумундагы эң ири реформанын фонунда ишке ашты.
2025-жылы Президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси түзүлгөн. Жаңы түзүм мурдагы Калкты каттоо департаментинин жана буга чейин Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (азыр жоюлган) системасында болгон санариптик кызматтардын функцияларын бириктирди.
Функциялар менен бирге олуттуу көлөмдөгү финансылык ресурстар да өткөрүлүп берилди.
Такталган бюджетке ылайык, 2025-жылга карата “Кызмат” мамлекеттик мекемесин каржылоонун көлөмү 3,26 миллиард сомду түзгөн. Анын ичинен болгону 321 миллион сому бюджеттик каражаттарга туура келсе, дээрлик 2,94 миллиард сому атайын эсептердин каражаттары болуп саналат.
Жаңы түзүмдү калыптандыруу үчүн мамлекет мекемеге 360 миллиондон ашык сом бюджеттик каражаттарды, 1,15 миллиард сомдон ашык атайын эсептердин каражаттарын жана жыл башындагы 170 миллиондон ашык сом калдыктарды өткөрүп берген.
Иш жүзүндө мамлекет калкты документтештирүү жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жоопкерчиликти өзүнө алган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү операторун түздү.
Бүгүнкү күндө заманбап мамлекеттик кызмат жөн гана паспорт же маалымкат берүү менен чектелбейт.
Ар бир кызматтын артында мамлекеттик маалымат базалары, мекемелер аралык өз ара аракеттенүү системасы, “Түндүк” платформасы, байланыш каналдары, жеке маалыматтарды коргоо механизмдери, программалык камсыздоо жана миңдеген техникалык жабдуулар турат.
Мындан тышкары, акыркы жылдары калкты тейлөө тармагынын өзү да олуттуу өзгөрүүгө дуушар болду.
Мурда көптөгөн мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн облус борборуна барып, узун кезектерде бир нече саат күтүүгө туура келсе, бүгүнкү күндө система кыйла жеткиликтүү болуп калды. Кыргызстан боюнча 90дон ашык Калкты тейлөө борбору (КТБ) иштейт. Алардын эң чоң тармагы Жалал-Абад облусунда жайгашып, анда 25 КТБ кызмат көрсөтөт. Бишкек шаарында тогуз, ал эми Ош шаарында алты борбор иш алып барат. Мындан тышкары, көптөгөн кызматтар акырындык менен онлайн форматка өтүп, жарандарга керектүү документтерди жана маалымкаттарды аралыктан алууга мүмкүнчүлүк берүүдө. Дал ушундай инфраструктураны - заманбап КТБларды жана санариптик кызматтарды түзүүгө мамлекет олуттуу ресурстарды жумшоодо.
Бирок жаңы борборлорду куруу жана жабдууларды сатып алуу бир жолку чыгым болсо, бүтүндөй системанын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо туруктуу каржылоону талап кылат. Бул имараттарды жана кызматкерлерди кармоо менен гана чектелбестен, маалыматтык системаларды тейлөөнү, киберкоопсуздукту камсыз кылууну, программалык камсыздоону жаңылоону жана санариптик кызматтарды өнүктүрүүнү да камтыйт.
“Кызмат” мамлекеттик мекемеси тарифтердин кайра каралышын дал ушул факторлор менен түшүндүрүүдө.
“Өзүн-өзү каржылоо системасына өтүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн туруктуу иштешин камсыз кылуу жана санариптик мамлекеттик кызматтарды мындан ары өнүктүрүү үчүн зарыл”, — деп белгилешет мекемеде.
Тарифтерди түзүү маселесин Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Дастан Бекешев көтөргөн. Анын айтымында, жарандар белгилүү бир кызматтын баасы эмне үчүн дал ушундай өлчөмдө экенин жана анын наркы мамлекеттин реалдуу чыгымдарына канчалык деңгээлде туура келерин түшүнүшү керек.
Маселе мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр рыногу кадимки рыноктон айырмаланганында. Эгер мобилдик байланыштын же банк кызматтарынын баасы жогору көрүнсө, керектөөчү башка кызмат көрсөтүүчүнү тандай алат. Ал эми паспорт алуу, кыймылсыз мүлктү каттоо же маалымкат алуу сыяктуу кызматтарда мындай мүмкүнчүлүк жок.
Ошондуктан мамлекет бир эле учурда кызмат көрсөтүүчү да, анын баасын жөнгө салуучу да болуп эсептелет. Ушундан улам тарифтердин кандай негизде түзүлөрүнүн ачык-айкындуулугу өзгөчө мааниге ээ болуп калат.
“Көптөгөн мекемелер өзүн-өзү каржылоо системасына өткөрүлгөнүн түшүнөм. Бирок бул кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын автоматтык түрдө бир нече эсеге жогорулатуу керек дегенди билдирбейт”, — деп сөзүн жыйынтыктады Дастан Бекешев.
Бүгүнкү күндө тарифтердин айланасындагы талаш-тартыштар көбүнчө прейскуранттагы цифралардын өзүнө эмес, жарандардын мамлекет менен болгон көнүмүш мамилелеринин өзгөрүшүнө байланыштуу болуп жатат.
Узак убакыт бою кыргызстандыктар мамлекет жарандарды кандайдыр бир деңгээлде субсидиялап келген шартта жашап келишкен. Бул электр энергиясы жана коммуналдык кызматтардан тартып, документтерди тариздөөгө жана мамлекеттик кызматтарды алууга чейин камтылган. Ошондуктан мамлекеттик кызматтардын тарифтеринин жогорулашы коом тарабынан өзгөчө сезимталдык менен кабыл алынууда.
“Кызмат” мамлекеттик мекемесинин 2026-жылдын 1-январынан тартып өзүн-өзү каржылоо системасына өтүшү, иш жүзүндө, ушул моделдин өзгөрүшүн билдирет. Эми мамлекеттик кызмат көрсөтүү тутумун кармоо жана өнүктүрүү чыгымдары анын түздөн-түз пайдалануучуларынын мойнуна жүктөлөт. Экономикалык жактан караганда мындай ыкма логикалуу көрүнөт.
Бирок мында дагы бир суроо жаралат: коом мындай деңгээлдеги ыңгайлуулук үчүн дал ушундай бааны төлөөгө даярбы? Жарандарда кымбатыраак, бирок ыңгайлуу кызматтар менен арзаныраак кызмат көрсөтүү моделинин ортосунда тандоо мүмкүнчүлүгү болгонбу?
Айрыкча мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагында рыноктук атаандаштык жок экенин эске алганда, бул суроолор өзгөчө мааниге ээ. Ошондуктан мамлекет, көпчүлүк кызматтардын жалгыз көрсөтүүчүсү бойдон калып, алардын баасы үчүн өзгөчө жоопкерчилик тартат. Санариптештирүүнү өнүктүрүү жана тейлөөнүн сапатын жогорулатуу маанилүү. Бирок ошол эле учурда кызматтардын жеткиликтүүлүк принциптери да сакталууга тийиш. Бул өзгөчө жаран өз укуктарын толук кандуу ишке ашыра албай турган негизги жана турмуштук маанилүү кызматтар жөнүндө сөз болгондо өтө маанилүү.



