Akchabarsearch

Жарыяланган

2026-18-09, 09:57

Мектепте китеп тартыш: Тиешелүү тараптардын түшүндүрмөсү

Кыргызстанда окуучуларга акысыз берилиши керек болгон окуу китептеринин сатылып жатканы боюнча маалымат текшериле баштады. Буга китептердин эркин сатууга чыгып жатканы тууралуу билдирүүлөр себеп болгон.

Акчабар басылмасынын кабарчысы Бишкектеги китеп саткан жайларды текшерип, мамлекеттик Учкун басмаканасына таандык окуу китептерин соода өтмөктөрүнөн тапкан.

Сатуучулардын айтымында, китептерди алар Дордой базарынан сатып алышат. Бирок окуу китептери ал жакка кайдан келип жатканын өздөрү да билишпейт.

Сатуучулар мурда мындай китептер Дордойдо ачык сатылганын айтышты. Ал эми социалдык тармактарда бул тууралуу маалымат тарагандан кийин, китептерди табуу кыйындап, соода жашыруун жүрө баштаган.

Маселеге байланыштуу редакция Учкун ААКка түшүндүрмө алуу үчүн кайрылды.

Ишкананын маалыматына караганда, буга чейин окуу китептерин билим берүү мекемелери менен катар жеке адамдар да сатып ала алышкан. Мисалы, бала мектептен берилген китебин жоготуп алса, ата-энеси жаңысын сатып алууга мүмкүнчүлүк алган.

Учкун ААКтын өндүрүш боюнча директору Кубат Бейшеевдин айтымында, ишкана кайрылган адамдарга китептерди саткан. Бирок сатып алуучулар китепти кийин эмне кылганын көзөмөлдөө мүмкүн эмес.

Ишкананын маалыматы боюнча, акыркы бир жылда жеке адамдарга 23 миллион сомдук окуу китеби сатылган.

Ошол эле учурда Учкун китептерди базарларга түз жеткирбегенин билдирүүдө. Мектептерге арналган окуу китептери ишкананын өзү тарабынан билим берүү мекемелерине жеткирилет.

Окуу китептеринин бир бөлүгү сатылгандан кийин соодагерлердин колуна кандай жол менен түшүп жатканы азырынча белгисиз.

Мындан тышкары, жеке менчик билим берүү уюмдарынын сатып алуулары боюнча да суроолор бар. Учкун ишканасынын маалыматына караганда, жеке мектептерден окуучулардын саны же сатып алынган китептердин көлөмү алардын чыныгы муктаждыгына туура келерин текшерүүгө мүмкүндүк бере турган ички маалыматтарды талап кыла албайт.

Ошол эле учурда окуучуларга акысыз берилүүгө тийиш болгон мектеп окуу китептери эркин сатылып жатканы аныкталды. Ал эми ата-энелер социалдык тармактарда бардык окуучулар акысыз китептер менен камсыз боло электигин жазышууда. Мисалы, 16-сентябрда ата-энелердин бири: 99% бала окуу китепсиз. Анда кантип окушат? деп жазган.

Учурда укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп жатат. Алар китептердин мектептерден базарга чейинки жолун аныктап, кайсы этапта соодага түшкөнүн жана буга ким жооптуу экенин такташы керек.


Тектеш материалды окуу