Жарыяланган
2025-26-05, 09:00Эми жакшыртылган түзүлүштөрдүн аркасында микроскопиялык SIM-карталар маселеси чечилди — eSIM технологиясы абоненттерге номерден номерге, ал тургай ар кандай өлкөлөрдүн операторлорунун ортосунда да оңой өтүүгө мүмкүндүк берет. eSIM кантип иштээрине “Акчабар” редакциясы кызыгып көрдү.
Жалпысынан виртуалдык SIM-карталар жаңачылдык эмес, бирок дал азыр алар кеңири колдонулуп жаткан тажрыйбанын бир бөлүгүнө айланууда. eSIM — бул смартфонго орнотулган атайын микрочип, ал кадимки SIM-картанын бардык функцияларын физикалык картасыз эле аткара алат.
Бул технология он жылдан ашуун убакыт мурун eUICC деген техникалык аталыш менен пайда болгон, бирок рынокко eSIM — Embedded SIM (орнотулган SIM) деген ат менен чыккан. Азыркы учурда бул технология Apple, Samsung жана Google сыяктуу алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн флагман смартфондорунун басымдуу бөлүгү тарабынан колдоого алынат. Ошол эле учурда, орнотулган SIM-картасы бар түзмөктөр акырындык менен стандартка айланууда.
MEGA мамлекеттик оператору Кыргызстанда алгачкылардан болуп eSIM технологиясын киргизген жана өз абоненттерине кеңсеге барбастан, кагаз иштерине убара болбой, байланыш кызматтарына кошулуу үчүн ыңгайлуу жана заманбап чечим сунуштайт.
eSIM’ди активдештирүү оператор берген QR-кодду сканерлөө аркылуу жүргүзүлөт. Бул абоненттин профилин аппараттын эс тутумуна жүктөйт. Бир чип бир нече профилдерди сактай алат жана алардын ортосунда которулуу секунданы талап кылат. Бул өзгөчө эки номерди колдонгондор же чет өлкөгө көп баргандар үчүн ыңгайлуу.
Мисалы, MEGA операторунун колдонуучулары үйдөн чыкпай эле, App Store жана Google Play'де жеткиликтүү MEGA24 ыңгайлуу тиркемеси аркылуу бир нече чыкылдатуу менен eSIM ала алышат. Жөн гана авторизациядан өтүп, “eSIM тариздөө” бөлүмүн тандап, номер менен тарифти көрсөтүү керек, персоналдаштыруу процедурасынан өтүп, балансты толуктоо кажет. Андан соң электрондук почтага келишим жана орнотуу боюнча көрсөтмөлөрү бар QR-код дароо жөнөтүлөт.
Негизги артыкчылыгы — физикалык SIM-картанын кереги жоктугунда. Бул сим-картаны жоготуп алуу коркунучун азайтып, түзмөктөрдүн ортосунда өтүүнү жеңилдетет жана SIM-картаны алмаштыруу жолу менен жасалчу хакердик чабуулдарга жол бербейт. Мындан тышкары, бул технология бир эле түзмөктө бешке чейин операторду кошууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда кадимки SIM-картаңызды колдонууну токтотуунун кереги жок. Жаңы технология, ошондой эле, чакан гаджеттер — сааттар же трекерлер үчүн да ылайыктуу.
Мындан тышкары, eSIM — бул кошумча коопсуздук деңгээли, анткени ал ички коргоо механизмдерине ээ. Түзмөк уурдалган учурда да, активдүү eSIM-чип аркылуу анын жайгашкан жерин аныктоо мүмкүнчүлүгү сакталып калат.
Жалгыз кемчилиги — бул технология дагы толук универсалдуу боло элек. Бардык смартфон моделдери аны колдобойт, жана профилди жаңы түзмөккө көчүрүү сервиске кайрылууну же QR-код аркылуу кайра активдештирүүнү талап кылат. Бирок бул чектөөлөр акырындап жоюлуп жатат: жыл сайын колдоого алынган түзмөктөрдүн үлүшү өсүп келет.
eSIM мобилдик телефон колдонуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, мисалы, бир эле түзмөктө бир нече телефон номерин колдонууга шарт түзөт. iPhone боюнча ал 20га чейин номер болушу мүмкүн жана алардын ортосунда которулуу болгону бир нече секундду гана алат. Бул мүмкүнчүлүк көп бизнес линияларын колдонгондорго гана эмес, активдүү социалдык турмушу бар адамдарга да абдан ыңгайлуу.
Өзгөчө маанилүү артыкчылыгы — SIM картаны алмаштырбастан башка өлкөлөрдүн тарифтик пландарын кошуу мүмкүнчүлүгү. Башка өлкөгө барбай туруп эле тарифтик планды алып, активдештире аласыз. QR-код аркылуу алыстан активдештирүүнүн аркасында сиз жергиликтүү номерди сапарга чейин алдын ала жана баргандан кийин дароо эле ашыкча кечигүү жана роуминг чыгымдарысыз пайдалуу байланыштарды колдоно аласыз.
MEGA операторунда бул кызмат ишке ашырылган — сиз зарыл тарифти онлайн түрүндө тандап, мамлекеттик оператордун толук колдоосу жана жардамдары менен кошо активдештире аласыз. Мындан тышкары, азыр MEGAдан eSIMди туташтырууда атайын сунуш бар — белекке 30 гигабайт интернет берилет. Андыктан жаңы технологияны сынап көрүү үчүн сизде эч кандай чектөөлөр болбойт.
Ошентип, eSIMге өтүү милдеттүү эмес, бирок эгер сиз ыңгайлуулукту кааласаңыз, аны сөзсүз сынап көрүүңүз керек.