Akchabarsearch
    Жаңы эреже: Айдоочулар 1-июлга чейин ОСАГО албаса эмне болот?

    Жарыяланган

    2025-23-05, 16:12

    Жаңы эреже: Айдоочулар 1-июлга чейин ОСАГО албаса эмне болот?

    ОСАГО боюнча камсыздандыруу жөнүндө кулагыңыз чалса керек. Жакында, 1-июлдан тарта ал күчүнө кирет жана камсыздандыруу полиси жокторго айып салына баштайт. ОСАГО деген эмнеге керек экенин, ал канча турарын карап көрөлү. 

    ОСАГО мыйзамы

    Унаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу же көпчүлүк арасында айтылган ОСАГО тууралуу мыйзам 2015-жылы 24-июлда кабыл алынып, 2016-жылы 7-февралда күчүнө кирген. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен ОСАГО полиси жокторго айып пул салуу нормасын киргизүү 2019-жылга, андан кийин 2021-жылга жылдырылган. 

    2023-жылдын 1-апрелинен тарта ОСАГО мыйзамы компания-ишканалар, анын ичинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик, ошондой эле чет өлкөлүк (чет жакта катталган) унаалар үчүн иштей баштаган (полиси жокторго айып салуу күчүнө кирген). ОСАГОсу жок болгону үчүн аларга 13 миң сом айыппул каралган. Ошол эле учурда жөнөкөй жарандар (жеке жактар) үчүн айып пул жок болгондуктан, ал милдеттүү деп эсептелбей келген жана аны жасатууга эч ким ашыккан да эмес. 

    Ошентип отуруп камсыздандыруу полисин албагандарга айып салуу нормасы 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган болгон. Бирок ал убакка чейин да камсыздандыруу полисин алгандардын саны аз болгондуктан – 2024-жылдын декабрь айына карата өлкөдөгү 1 млн 690 миң унаа ээсинин ичинен 108,5 миңи гана ОСАГО жасаткан – аталган норманы 1-июлдан тарта киргизүү чечими кабыл алынган.

    Эми көп жылдан бери иш жүзүнө ашпай келе жаткан ОСАГО мыйзамы 1-июлда толук кандуу күчүнө кирип, камсыздандыруу полиси жокторго (жеке жактарга) 3 миң сом айып салына баштайт. 

    ОСАГО деген эмне жана ал канча сом турат?

    ОСАГО менен айдоочу өзүн же унаасын камсыздандырбайт. Аты айтып тургандай эле унаа ээси өз жоопкерчилигин камсыздандырат. Эгер айдоочу бирөөнүн унаасын, жол чыракты же адамды сүзүп алып, күнөөлүү деп табылса, унааны, жол чыракты оңдогонго же жабыркаган кишини дарылаганга акчаны камсыздандыруу компаниясы төлөйт. 

    Жол кырсык болгон учурда сөзсүз жол инспекторлорун чакырып, аны расмий түрдө каттатуу керек жана камсыздандыруу компаниясына да кабар берүүнү унутпоо зарыл. Себеби жол кыймылынын коопсуздугун караган органдын кызматкери жол кырсыкта сизди күнөөлүү болду деген кагаз чыгарып бериши керек. Ошол кагаздын негизинде камсыздандыруу компаниясы жабыркаган адамдарга келтирилген зыянды сиздин ордуңузга төлөп берет. 

    Кокус ОСАГО жасаткан айдоочу жолдо кырсыктап, өзү же унаасы жабыркаса, ага камсыздыруу компаниясы кенемте төлөп бербейт. Ал үчүн ыктыярдуу камсыздандыруу жасатуу керек. 

    Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу башкармалыгынын башчысы Актан Турумбековдун айтымында, учурда ОСАГО полисинин баштапкы баасы 1680 сомду түзөт. Салык менен кошуп эсептегенде 1714 сом болот. 

    "Мисалы унаанын кыймылдаткычынын көлөмү 2 кубга чейин, жашы 25тен ашкан, айдоочулук стажы үч жылдан өйдө болсо, жылына салыкты кошкондо 1714 сом төлөйт. Камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн унаанын техникалык паспорту, унаа ээсинин (айдоочунун) айдоочулук күбөлүгү керек болот", - дейт ал.

    Ошол эле учурда камсыздандыруу полисинин баасы айдоочунун жашына, стажына, унаасынын кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша бир нече коэффициенттин негизинде эсептелет. Маселен айдоочунун жашы 25ке жете элек болсо, унаанын кыймылдаткычы көлөмү 2 кубдан ашса, алар үчүн полис кымбатыраак турат. 

    Турумбеков билдиргендей, камсыздандыруу жасаткан унаа ээси бир кишини сүзүп алса, анын дарылануусуна компания бир адамга 300 миң сомго чейин акча берет. Жабыркаган адамдардын саны канча болсо, алардын баарына кенемте төлөйт. Кокус айдоочу сүзгөн адам көз жумса, анын үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүүнү компания өз мойнуна алат. 

    Ал эми айдоочу бирөөнүн унаасын чийип же сүзүп алса, аны жасатууга же оңдотууга компания 150 миң сомго чейин төлөйт. Кенемте үч унаа (же объект) үчүн гана каралган – жалпы 450 миң сомго чейин берилет. Кокус төрт унааны сүзүп алган болсоңуз, төртүнчү машинаны оңдотууга компания акча төлөбөйт. 

    Ошондой эле жол кырсыкта айдоочунун айынан анын унаасында бараткан жүргүнчүлөр жабыркаган болсо да компания алардын дарылануусуна акча берет. Бирок жүргүнчү камсыздандыруу жасаткан айдоочунун жакын тууганы (мыйзам боюнча жакын тууган деп табылган адамдар) же кесиптеши болсо, аларга кенемте берилбейт. Мындай норма мыйзамда каралып, айдоочу менен тууганы же кесиптеши сүйлөшүп алып, акча өөнө максатында кандайдыр бир иштерге барышынан алдын алуу үчүн киргизилген. 

    Аны менен бирге ОСАГОсу бар таксист жол кырсыгына кабылып, унаасында бараткан адамдар жабыркаса, камсыздандыруу компаниясы анын жүргүнчүлөрүнүн дарылануусуна акча бербейт. Себеби таксист лицензия алып жатканда, ОСАГО эмес, камсыздандыруунун башка түрүн жасатат. Жүргүнчүлөрдү дарылоого кеткен чыгым ошол камсыздандыруунун түрү боюнча төлөнүп берилет. Ошол эле учурда ОСАГО алган таксист башка бирөөнүн унаасын же адамды сүзүп алса, анда камсыздандыруу компаниясы унааны оңдогонго, адамды дарылоого кеткен чыгымды өз мойнуна алып, акчасын төлөп берет. 

    Актан Турумбековдун айтымында, айдоочу унаасын ыктыярдуу камсыздандырган болсо да, ОСАГО алууга милдеттүү. Себеби ыктыярдуу камсыздыруу жасоону ар бир адам өзү чечет, ал эми ОСАГО мыйзамы баарына тиешелүү болуп саналат.

    1-июлдан тарта ОСАГО полиси айдоочулук күбөлүк сыяктуу маанилүү документке айланып калат десе болот. Ошондуктан айыппул төлөп калбаш үчүн аны өз убагында алып алыңыз. Камсыздандырууну өз каалооңузга жараша Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан же жеке камсыздандыруу компаниясынан жасата аласыз. 


    Тектеш материалды окуу