Akchabarsearch
Тигүү цехинен Booking.comдогу мейманканага чейин: «Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун натыйжалары

Тигүү цехинен Booking.comдогу мейманканага чейин: «Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун натыйжалары

Бир нече жыл мурун ОшМУнун алдындагы индустриалдык-педагогикалык колледжде Азия өнүктүрүү банкынын «Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун колдоосу менен алдыңкы тажрыйба борбору ачылган. Журналисттерге азыр долбоор кантип иштеп жатканын жана ал кандай жыйынтыктарды берип жатканын көрсөтүштү.

Кесиптештер үчүн халаттар жана пардалар

Студенттер Ош шаарындагы Индустриалдык-педагогикалык колледжде жөн гана партада отуруп, лекция укпастан, алган билимин практика жүзүндө бекемдөөгө жана акча табууга да мүмкүнчүлүк алышты. Бул үчүн ал жерде алдыңкы тажрыйба борборунун (ЦПО) алдындагы окуу-өндүрүш комплекси ачылды. Окуу-өндүрүш комплекси студенттер иш ордунда тажрыйба топтогон, ошол эле учурда чыныгы продукция өндүрүлгөн тигүү цехи болуп саналат.

Бул тигүү цехинде тигүү машиналарынын бир калыптагы үнү угулат - студент кыздар медфакультеттин студенттери үчүн медициналык халаттарды тигишүүдө. Айтмакчы, аларда буйрутмалар эч качан токтоп калган эмес. Буга чейин Ош мамлекеттик университетинин бардык мекемелери үчүн (Оштун өзүндө эле отуздан ашыкпардаларды тигишкен. Кесиптештери колледжде тигүү цехи ачылганын укканда, колдоо көрсөтүп, парда тигүүгө заказ беришкен. Мындан тышкары, атайын кийимдерди, алжапкычтар менен жоолуктарды да тигип беришет.

Айсезим кийимдердин дизайны, моделдөө жана технологиясы факультетинин үчүнчү курсунун студенти.

Өткөн жылы азыркы жумушума керектүү болгон нерселердин баарын үйрөндүм. Ошондой эле кийимдерди автоматташтырылган долбоорлоо системасын онлайн форматта окуп жатам. Сабактар түшкө чейин болот, ал эми сабактан кийин окуу-өндүрүш комплексинде иштей алам. Бул жерде абдан көп нерсени үйрөндүм, келечекте кийим моделдерин иштеп чыгууну кыялданам, — деди Айсезим.

Ал ошондой эле быйыл анын факультетинде контракттын баасы 25 миң сом экенин, жумуштун арты менен аны өзү төлөй аларын айтты.

ОшМУнун алдындагы Индустриалдык-педагогикалык колледждин директору Мирлан Манашов окуу жайдын иш багыттары жана Азия өнүктүрүү банкынын (АБР) колдоосу менен ишке ашып жаткан долбоорлор тууралуу айтып берди.

Колледжде 1 миң 617 студент билим алат. Алар жети багыт боюнча даярдалышат: башталгыч класстарда окутуу; мектепке чейинки билим берүү; эсептөө техникасы жана автоматташтырылган системалардын программалык камсыздоо; кийим конструкциялоо, моделдөө жана тигүү технологиясы; дизайн; дене тарбия; социалдык иш. Мындан тышкары, колледжде экинчи окуу имараты да бар. Жалпысынан окуу жайда 137 окутуучу иштейт.

Колледждин алдында сумкалар, сюртуктар, футболкалар, кепкалардан турган студенттер жасаган буюмдар коюлган дүкөн бар. Ошондой эле мончок жана таштардан жасалган жасалгалар сунушталат. Мындан тышкары, бул жерден төшөк жабдууларынын комплекттерин да сатып алса болот. Баалары жеткиликтүү, сапаты болсо фирмалык товарлардан кем калбайт.

Booking.com сайтында биринчи орунда

Айта кетсек, Азия өнүктүрүү банкынын Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр долбоору Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылган жана өлкө боюнча 34 окуу жайды камтыган, анын сегизинде азыр мындай алдыңкы тажрыйба борборлору (ЦПО) ачылган. Борборлор региондогу эмгек рыногунун анализинин натыйжасында ачылган жана кайсы кесиптер канча маанилүү экени эске алынган.

Ош облусунан тышкары, мындай алдыңкы тажрыйба борборлору Джалал-Абад, Чүй, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы колледждерде бар.

Мисалы, Ысык-Көл облусунда Балыкчы шаарындагы Индустриалдык-педагогикалык колледж тандап алынган жана долбоор бул аймактагы эмгек рыногунда талап кылынган туризмди жана автоматташтырылган системалар программалык камсыздоосун өнүктүрүүгө багытталган. Колледжде студенттер жергиликтүү жана чет элдик туристтерди кабыл алган мейманкана ачылган. Ошондой эле компьютер техникасын оңдоо кызматтарын көрсөткөн цех иштейт.

Мейманкана колледжде ачылганы менен анда ыңгайлуу эс алуу үчүн керектүү бардык шарттар бар: жайлуу бөлмөлөр, эс алуу залдары жана улуттук салттар менен үрп-адаттар камтылган бөлмө. Ошондуктан, бул мейманкананын туристтердин пикирлеринде Booking.comдо көп учурда алдыңкы орундарды ээлеши таң калыштуу эмес.

Нарын агроэкономикалык колледжинде өзүнүн ветеринардык клиникасы бар, анда жабыркаган малдарды шашылыш операциялоо, УЗИ жасоо жана үй жаныбарларын вакцинациялоого мүмкүнчүлүк бар. Мындан тышкары, бул жерде чүчпара жасаган цех иштейт.

Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин алдыңкы тажрыйба борборунда да окуу-өндүрүштүк комплекс түзүлгөн жана эми анда Транспорттук электро жабдууларды жана автоматика системаларын эксплуатациялоо адистиги боюнча жумушта окуу принциби колдонулат. Бул сөзсүз окуу процессинде олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келген, практикалык тажрыйба менен байытып, студенттердин кесиптик көндүмдөрүн жакшыртып, жумуш берүүчүлөр менен байланыштарды чыңдоого жардам берген. Окуудан бош убакытта автоунааларды тейлөө станциясы иштейт. Бул ишмердүүлүктөн түшкөн киреше колледждин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат.

Айтмакчы, долбоордун алкагында мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга да мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ар кандай аймактардагы колледждер менен кесиптик лицейлерде иштеген дээрлик алты миң кызматкер өз көндүмдөрүн өркүндөтүп, жаңы тажрыйба алган904 мугалим педагогикалык квалификацияга ээ болгон, болжол менен 100 мугалим расмий түрдө квалификациясын жогорулаткан.

Эмгек рыногундагы ортоңку башкаруу

Кесиптик билим берүү эмгек рыногу менен тыгыз байланышта жана эмгек рыногундагы өзгөрүлүп турган суроо-талап менен байланыштуу олуттуу кыйынчылыктарга дайыма туш келет.

Долбор эмгек рыногуна талап кылынган баштапкы жана орто деңгээлдеги адистерди даярдоо жана практикалык көндүмдөрдүн таасирин күчөтүү максатын көздөйт.

Долбордун алкагында колледждер жана кесиптик лицейлердин имараттары менен курулуштарынын 55,3 миң чарчы метр аянты реконструкцияланган. Оңдоо жана модернизацияга 686 млн сом сарпталган.

Ошондой эле 212 млн сомго 3 миң 800 даана окуу жана өндүрүш жабдуулары орнотулган, 5 миң 765 даана кеңсе жабдуулары үчүн 116 млн сом сарпталган, 81 млн сомго 11 миң 230 даана эмерек алынган.

Алдыңкы тажрыйба борборлору (ЦПО) көндүмдөрдү валидациялоо борборлору болуп калды. Кыргызстан тарыхында биринчи валидация Ош Индустриалдык-педагогикалык колледжиндеги ЦПОдо өткөн.

Кө зкарандысыз изилдөө көрсөткөндөй, соңку беш жыл ичинде жумуш берүүчүлөрдүн бүтүрүүчүлөрдүн сапатына канааттануусу 25%га өскөн.


Тектеш материалды окуу