Akchabarsearch
1-июлдан тарта лицензиясы жок таксисттер  жоопкерчиликке тартылат

Жарыяланган

2026-16-06, 14:04

1-июлдан тарта лицензиясы жок таксисттер жоопкерчиликке тартылат

Кыргызстанда такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия алуунун жаңы электрондук системасы иштей баштады. Эми уруксатты мобилдик тиркеме аркылуу онлайн түрдө, кагаз иштери жок эле тариздеп алууга болот.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, бул система ишти жеңилдетип, такси тармагын ачык-айкын кылат.

Ошол эле учурда бийлик 2026-жылдын 1-июлунан тартып лицензиясы жок такси айдагандар мыйзам боюнча жоопко тартыларын эскертти.

Лицензия алуу үчүн айдоочулар милдеттүү түрдө медициналык кароодон жана унаанын техникалык текшерүүсүнөн өтүшү керек.

Жаңы талаптар күчүнө киргенге аз убакыт калгандыктан, айдоочулар лицензияны убагында алып, айып пулдардан качышы керек.
 


Тектеш материалды окуу