Жарыяланган
2026-22-09, 12:46Кыргызстанда 2026-жылы мектептер үчүн дээрлик 3,7 млн даана окуу китеби, жумушчу дептер жана усулдук колдонмо чыгарылды. Бирок 21-сентябрга карата анын 2.46 миллионго жакыны гана мектептерге жеткирилген. 1 миллиондон ашык окуу материалы дагы деле жеткирүү баскычында турат.
Мектептерди окуу китептери менен камсыздоо маселеси Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында өткөн жыйында талкууланды.
Быйыл окуу материалдарын чыгарууга республикалык бюджеттен 744 млн сом каралган. Мындан тышкары, Билим берүү министрлиги өз каражатын кайра бөлүштүрүү аркылуу дагы 16.2 млн сом бөлгөн. Жалпысынан бул каражатка 3 млн 668.6 миң даана окуу материалын чыгаруу пландалган.
Салыштыруу үчүн, 2025-жылы окуу адабияттарына 855 млн сом бөлүнүп, мектептерге 4.74 млнго жакын окуу материалдары жеткирилген.
Жыйында базарларда сатылып жаткан окуу куралдары тууралуу да сөз болду. Адылбек Касымалиевдин айтымында, бул боюнча укук коргоо органдары текшерүү жүргүзүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү чаралар көрүлөт.
Министрлер кабинетинин төрагасы президенттин тапшырмасы менен мектеп окуучуларын окуу китептери менен камсыздоого кошумча каражат бөлүнөрүн билдирди.
Билим берүү министрлигине окуу китептерин иштеп чыгуу, басып чыгаруу жана мектептерге жеткирүү иштерин тездетүү, ошондой эле мектептердин окуу китептери менен камсыз болушун ай сайын көзөмөлдөө тапшырылды.
Бул иштер Кыргызстанда 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү алкагында жүргүзүлүүдө.