
Жарыяланган
2025-11-11, 13:43Бишкекте 10 айда жер тамдардын баасы 30%, батирлердики 20%га кымбаттады. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинин түз эфиринде Жер агенттигинин санариптик трансформация башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айдар Сукенбаев билдирди.
Анын айтымында, акыркы 5 жылда турак жайлардын баасы кескин өсүп жатат.
“Былтыркы жылга салыштырмалуу быйылкы жылдын 10 айында Бишкек шаарында жер тамдардын баасы 30 пайызга, ал эми батирлердики 20 пайызга өстү. Ош шаарында жер тамдардын баасы 26 пайызга, батирлердин баасы 20 пайызга жогорулады. Аймактарда кыймылсыз мүлктөрдүн рыногунун активдүүлүгү жогору болбогондуктан баалар бир убакта көтөрүлүп же дароо түшүп кетет”, - деди ал.
Айдар Сукенбаев кыймылсыз мүлктүн баасы инфляциянын көрсөткүчүнөн бир топ жогору экенин билдирди. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын тогуз айына карата инфляция 7,8 пайызды түзөт.
