
Жарыяланган
2026-04-02, 14:36Кыргызстандык 16 жаран EPS программасынын алкагында эмгектенүү үчүн Кореяга учуп кетти. Бул тууралуу Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору 5 күндүк окуу өткөрүп, корей тили боюнча практикалык көндүмдөрдү жана иш чөйрөсүнө адаптацияны үйрөттү.
Акыркы 18 жыл ичинде аталган программа аркылуу 5 миңден ашуун кыргызстандык Корея Республикасына расмий ишке орношкон.
Учурда бул өлкөдө EPS программасынын негизинде 1500дөн ашуун Кыргызстандын жараны эмгектенип жатат.
Көпчүлүк эмгек мигранттары өндүрүш тармагында иштеп, алардын орточо айлык акысы 1700 долларды түзөт. Жашоо жана тамак-аш чыгымдары толугу менен же жарым-жартылай жумуш берүүчү тарабынан жабылат.
