Akchabarsearch
2024-жылы Кыргызстан ИДП өсүү темпи боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына кирди

Жарыяланган

2025-21-11, 17:01

2024-жылы Кыргызстан ИДП өсүү темпи боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына кирди

Ынтымак Ордодо 11-ноябрь күнү Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) өкүлү Субир Лалл менен жолугушту.

Амангельдиев Кыргызстанда акыркы жылдары туруктуу экономикалык өсүш байкалганын, 2025-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүш темпи 10%га жеткенин билдирди. 

Ал негизги инфраструктуралык долбоорлор катары Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун, Камбарата ГЭС-1ди, Барскоон–Бедел автожолун жана жеткиликтүү турак жай куруу программасын атап өттү. 

Ал ошондой эле «2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына кирди деп белгиледи.

Субир Лалл өлкөдөгү реформаларды жана туруктуу өсүштү оң баалап, Кыргызстандын экспортко багытталган экономикага айланып баратканын, банк тутумунун туруктуулугун жана чет элдик инвестицияларды тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ЭВФтин макроэкономикалык колдоосун улантууга даяр экенин кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар экономиканы туруктуу жана инклюзивдүү өнүктүрүүгө багытталган практикалык кадамдарды биргелешип иштеп чыгууну макулдашты.

 


Тектеш материалды окуу