Akchabarsearch
2025-жылдын эң кооз банкноттору аныкталды — кыргыз сому тизмеге кирген жок

Жарыяланган

2026-28-04, 15:10

2025-жылдын эң кооз банкноттору аныкталды — кыргыз сому тизмеге кирген жок

Эл аралык банкнот коомчулугу (IBNS) 2004-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан «Жылдын банкноту – 2025» сынагынын жыйынтыгын чыгарды. Бул сыйлык кагаз акчанын дизайны боюнча дүйнөдөгү эң абройлуу сыйлыктардын бири болуп эсептелет. Жеңүүчү болуп Кюрасао жана Синт-Мартендин 200 гульдендик банкноту табылды.

Биринчи орундагы банкнот деңиз темасында жасалган — анда деңиз атчандары жана Queen Emma Bridge көпүрөсү тартылган. Экинчи орунду Фиджинин 5 доллардык банкноту, үчүнчү орунду Замбиянын 100 квачасы ээледи. Алдыңкы бештикке Фолкленд аралдарынын 5 фунту жана Папуа — Жаңы Гвинеянын 50 кинасы да кирди.

Номинанттардын тизмесине Россиянын 1000 рублдук банкноту да кирди. Аны IBNS уюмунун мүчөсү Радек Янушек сунуштаган.

Бул Россиянын сегиз жылдык тыныгуудан кийинки кайтып келиши — акыркы жолу өлкөнүн банкноту сынакка 2017-жылы катышкан.

Борбор Азиядан Казакстан бул сынакта эң ийгиликтүү өлкөлөрдүн бири болуп саналат — ал 2011–2013-жылдары катары менен үч жолу жеңишке жеткен.

Кыргызстан 2025-жылдагы рейтингге кирген жок. Өлкө акыркы жолу 2024-жылы, май айында жүгүртүүгө чыгарылган жаңы 5000 сомдук банкнота менен номинацияланган.

Жалпысынан Кыргызстан бул сынакка төрт жолу катышкан:

•    2009-жылы — Сүймөнкул Чокморов тартылган 5 миң сом 
•    2017-жылы — Манас түшүрүлгөн 2 миң сом 
•    2023-жылы — Саякбай Каралаев менен 500 сом 
•    2024-жылы — жаңыланган 5 миң сом 
 


Тектеш материалды окуу