
Жарыяланган
2025-29-12, 14:572026-жылы Кыргызстандын ички карызы 92.2 млрд сомго көбөйөт. Бул акчаны Каржы министрлиги баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу алат.
Маалыматка ылайык, карыз ай сайын 1.1 млрд сомдон 10.9 млрд сомго чейин алынат.
12 айлык жана 2 жылдык облигациялар Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасында жума сайын жайгаштырылат. Ал эми 3-15 жылдык облигациялар Улуттук банк аркылуу сатылат.
