Akchabarsearch
55 млн долларлык байлыгы бар делген мурдагы башкы салыкчыга өкүм чыкты

Жарыяланган

2026-13-01, 17:15

55 млн долларлык байлыгы бар делген мурдагы башкы салыкчыга өкүм чыкты

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычовдун иши боюнча өкүм чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык соттун басма сөз кызматы “Акчабарга” билдирди. 

Өкүм 2025-жылы 25-декабрда чыккан. Ага ылайык, Алтынбек Абдувапов менен Исламбек Кыдыргычов Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.

Абдуваповго 400 миң сом жана Кыдыргычовго 300 миң сом айыппул жазасы берилип, алар камактан бошотулган. Аларга белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүүгө тыюу салынган. Андан тышкары атайын наамдарынан, класстык чиндеринен жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган. 

Бул иш боюнча дагы бир фигурант – Салык кызматынын Бишкектеги райондук бөлүмдөрүнүн биринин мурдагы башчысы Т.А. “кызматтык абалынан пайдалануу (кылмышка катышуу)” жана “мыйзамсыз курал алып жүрүү, сатуу, сактоо” беренелери менен күнөөлүү деп табылып, 330 миң сом айыпка жыгылган. 

Эске салсак, 2024-жылдын декабрь айында Салык кызматынын ошол кездеги төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, алар электрондук коштомо кагаздар боюнча махинацияларга аралашкан деп айыпталган. Анын айынан Бишкекте эле мамлетке 3.2 млрд сомдук зыян келтирилген. 

Кийинчерээк УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Мамлекеттик салык кызматындагы мыйзамсыз иштерден бюджетке 30 млрд сомдун тегерегинде салык төлөнбөй калганын айткан. 

2025-жылы июль айында Ташиев Алтынбек Абдуваповдун 55 миллион долларлык мүлкү аныкталганын жана ал мамлекетке конфискация болорун билдирген.


Тектеш материалды окуу