
Жарыяланган
2026-03-04, 10:32«АБанк» ААКсы Кыргыз Республикасынын банк секторунда лидерлик позициясын туруктуу сактап, негизги финансылык көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшүн жана жогорку ишенимдүүлүктү көрсөтүп келет.
2026-жылдын 31-мартында Банктын акционерлеринин жылдык жалпы жыйыны болуп өттү. Жыйында 2025-жылдагы финансылык жыйынтыктар талкууланды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү, көз карандысыз аудиторлор, ошондой эле Банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрү катышты.
Акционерлер отчеттук мөөнөт боюнча Банк туруктуу өсүш динамикасын сактап, рынокто позициясын чыңдап келе жатканын белгилешти. Кардарлар жана инвесторлор тарабынан жогорку ишенимге ээ болуп жатканын ырастоо менен, акционерлердин чечими боюнча «АБанк» таза кирешеден 6,77 млрд сомду өлкөнүн бюджетине которот. Бул Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүүсүнө туруктуу финансылык салым кошууну камсыз кылат.
2025-жылдагы* финансылык көрсөткүчтөр Банктын туруктуу өсүү стратегиясын ийгиликтүү ишке ашырганын көрсөтөт (КР УБ):
Жетишкен натыйжалар Банктын туруктуу өнүгүүгө, продукттарды өнүктүрүүгө, санариптештирүүгө жана инновацияларга багытталган стратегиясынын эффективдүүлүгүн тастыктайт. «АБанк» өлкөнүн экономикасын, ишкердикти жана кардарлар менен узак мөөнөттүү кызматташтыкты колдоп, негизги финансылык институт катары калууда.
«Биздин жетишкендиктерибиз жана кардарларыбыздын жогорку ишеними — биз үчүн сыймык. Таза кирешени өлкө бюджетине багыттоо – бул экономика жана социалдык тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымыбыз, ошондой эле мамлекетке жана коомго болгон жоопкерчилигибиздин ырастоосу», — деди «АБанк» ААКнын Башкармасынын төрагасы.
«АБанк» ААКсы инновацияга, ишенимдүүлүккө жана узак мөөнөттүү кызматташтыкка умтулууну улантып, финансылык сектордун туруктуу өнүгүүсүн жана өлкө боюнча кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатууну камсыз кылууда.
*Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капитал жетиштүүлүгүнүн (адекваттуулугунун) стандарттарын аныктоо боюнча нускаманын (2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НУА)) 40-пунктуна ылайык, дивиденддердин суммасын эсептөө үчүн банк МСФОго жана пруденциалдык талаптарга ылайык эсептелген таза кирешенин эң аз көрсөткүчүн колдонууга тийиш.
Улуттук банктын лицензиясы № 048



