Akchabarsearch
Адылбек Касымалиев Ташкентте Шавкат Мирзиеев менен жолукту
Сүрөт алынган жер: кабмин КР

Жарыяланган

2026-17-06, 09:01

Адылбек Касымалиев Ташкентте Шавкат Мирзиеев менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында президент Шавкат Мирзиёев менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушууда Касымалиев Өзбекстан менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеген. 

Ал ошондой эле, Ташкент инвестициялык эл аралык форуму аймактагы инвестициялык кызматташуу тармагындагы негизги иш-чарага айланып, аймактын бизнес-коомчулугуна жана көптөгөн эл аралык өнөктөштөргө байланыштарды орнотуу үчүн бардык шарттар түзүлүп жатканын, бул аракеттердин баары Борбор Азияда туруктуу өнүгүүнү камсыздоо боюнча биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга алып келерине ишенерин билдирген.

Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди жигердүү илгерилетүү, аймактар аралык кызматташууну өнүктүрүү, тиешелүү “жол карталарында” бекитилген макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашыруу маселелери талкууланган. 

Белгилей кетсек, эки тараптуу жолугушуу Ташкент инвестициялык V эл аралык форумунун алкагында өткөрүлгөн.


Тектеш материалды окуу