Akchabarsearch
Афганистан Кыргызстандан «Желмаяндарды» импорттоого кызыкдар

Жарыяланган

2025-26-08, 11:56

Афганистан Кыргызстандан «Желмаяндарды» импорттоого кызыкдар

14-августта «Кыргыз Экспорт» борбору Афганистандын өнөр жай жана соода министри Нуреддин Азизи башында турган афган делегациясы үчүн ишкердик түшкү тамак уюштурду.

Жолугушууга өз өндүрүмдөрүн сунуштап, кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пландары менен бөлүшкөн 12 кыргыз компаниясынын өкүлдөрү да катышты.

Афган тарап Кыргызстандан азык-түлүк продукцияларын, дарылык чөптөрдү, өнөр жай продукцияларын (анын ичинде желмаян), жүк ташуучу унааларды, айнек идиштерди жана тоо-кен тармагы үчүн жардыргыч заттарга кызыгуусун билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кабул шаарында соода миссиясын өткөрүү тууралуу макулдашышты. Анда ишкерлер өз продукцияларын көрсөтүп, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө байланыштуу конкреттүү долбоорлорду талкуулашат.

 


Тектеш материалды окуу