
Жарыяланган
2026-22-01, 16:18Агартуу министрлиги мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын II, III жана IV этаптарын өткөрүү үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган.
Буга 8 млн 237 миң 669 сом кетет деп пландалууда.
Тендерге көз карандысыз уюмдар катыша алат. Уюм ар кандай предметтер боюнча тапшырмаларды даярдоодо тажрыйбасы бар болушу керек. Ошондой эле, олимпиаданы уюштуруу менен катар чыгымдардын так сметасын түзө алышы зарыл.
Уюм төмөнкүлөрдү камсыздоосу керек:
• II, III жана IV этаптар үчүн олимпиадалык тапшырмаларды купуялуулук чараларын сактап даярдоо
• Жогорку сапаттагы олимпиадалык тапшырмалар
• Калыстар тобуна баалоо критерийин жана мүмкүн болгон чечүү жолдорун даярдоо
• III жана IV этаптарды калыс өткөрүү
• III жана IV этаптарда тапшырмалардын купуялуулугун сактоо
Тендерге катышууну каалагандар 26-январга чейин арыз бериши керек.
