
Жарыяланган
2026-14-05, 10:37Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Агартуу министрлигине жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке 100дөн ашык кызматтык автоунааны тапшырды.
Анын айтымында, бул акыркы беш жылда өлкөнүн материалдык-техникалык базасы олуттуу чыңдалганын көрсөтөт. Сатып алынган техникалар мамлекеттик каражаттардын натыйжалуу пайдаланылып жатканын жана өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү кеңейгенин тастыктайт.
Касымалиев ошондой эле 1-апрелден тарта социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы жогорулаганын эске салды.
Анын маалыматына ылайык, 2021–2025-жылдары өлкө боюнча 673 мектеп жаңыланып, анын 394ү жаңыдан курулду, 114ү капиталдык оңдоодон өттү. 2026-жылы дагы 200 социалдык объект куруу пландалууда, анын 50сү мектеп болот. Жакынкы келечекте өлкөдө авариялык абалдагы бир дагы мектеп калбайт.
Мындан тышкары, Кадастр агенттигине 20 жаңы автоунаа берилди. Буга чейин мекеме геодезиялык жабдуулар, дрондор, сервердик жана компьютердик техника менен камсыздалган.
Министрлер кабинетинин төрагасы жер амнистиясынын жыйынтыгында 75 миңден ашык жаранга жер тилкесине укук берүүчү «кызыл китеп» тапшырылганын билдирди. Ошондой эле 10 миң гектардан ашык жер мыйзамдаштырылган.
