Akchabarsearch
Айбек Токтоболотов Кыргызстандын Катардагы элчиси болуп дайындалды

Жарыяланган

2026-03-03, 17:40

Айбек Токтоболотов Кыргызстандын Катардагы элчиси болуп дайындалды

Токтоболотов Айбек Малабекович Кыргызстандын Катардагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул кызматка дайындалганга чейин Токтоболотов Тышкы иштер министрлигинин төртүнчү саясий департаментинин директору болуп иштеген.

2023-жылдын декабрынан 2025-жылдын 26-декабрына чейин Катардагы Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев болгон.
 


Тектеш материалды окуу